Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Акылбек Жапаров: "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингин каржылоо токтоду


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине бөлүнгөн каражат тууралуу суроого жооп берди. Анда бул холдингдин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин бөлүнгөн каржылоо токтогонун, буга чейин берилген каражаттын калганы кайтарылып, иликтөө жүрүп жатканын айтты.

"Бул фондго 3,4 миллиард сом караштырганбыз. Алар 10 чакты долбоордун үстүндө иштеп жаткан. Тенгиз мырзага кылмыш иши козголуп, камалгандан кийин каржылоону токтоттук. Акчанын баарын бюджетке алып жатабыз. Уставдык капиталында 3,5 миллиард сом турган. Биз акчаны кайра өзүбүзгө алып жатабыз. Ошол 10 чакты долбоорго кеткен акчасы боюнча комиссия түзүлгөн, иликтөө бүтөйүн деп калды. Кайсы долбоорлору туура болгон, кайсынысы натыйжалуу эмес деп иликтеп чыгышат",-деди Жапаров.

Өкмөт башчы бул холдингдин мындан аркы тагдыры кандай болорун тактаган жок.

Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу ушул жылы сентябрда камалган жана учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Мындан он күн мурда Бишкектеги Октябрь райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 10-январга чейин абакта калтырган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган.

Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде, Тенгиз Бөлтүрүк таза иштеп жатканына ынандырып келгенин, анын ишине сот гана чекит коёрун билдирген.

Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу улуттук холдинг түзүлгөнүн былтыр жыл аягында билдирген. Ушул жылдын февраль айында бул холдинг кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG