Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Аймактык реформа жүргүзүү маселелери талкууланды


Кыргыз өкмөтүнүн имараты.
Кыргыз өкмөтүнүн имараты.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 23-ноябрда административдик-аймактык реформа маселелерине байланыштуу кеңешме өткөрдү. Өкмөтүн басма сөз кызматынын билдиришинче, өлкөнү 2026-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын жаңы үлгүсүн иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Аталган реформалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын күчөтүүгө жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган",-деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын сентябрь айында президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов кызматынан өз эрки менен кеткен жана муну жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткени, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечкени менен негиздеген.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Сулаймановдун дооматына жооп берип, "аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес",-деп айткан.

Садыр Жапаров “Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын” былтыр октябрда кол койгон. Министрлер кабинетинин жыл башында анын алкагында жасалчу иш-чаралар планынын бекиткен жана алардын арасында аймактык реформа жүргүзүү каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG