Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Украинада Орусиянын тынымсыз чабуулунан алты адам мерт болду


Чабуулдун айынан Киев баштаган ири шаарларда, кыштактарда жарык, жылуулук жана суу берүү үзгүлтүккө учурады.
Чабуулдун айынан Киев баштаган ири шаарларда, кыштактарда жарык, жылуулук жана суу берүү үзгүлтүккө учурады.

Украинанын улуттук полициясынын маалыматына ылайык, Орусиянын 23-нобярдагы тынымсыз ракеталык аткылоосунан кеминде алты адам мерт болуп, дагы 36 киши жараат алды. Бир катар аймактардагы энергетикалык инфраструктуралар чабуулга кабылып, Киев баштаган ири шаарларда, кыштактарда жарык, жылуулук жана суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.

Киевдин мэри Виталий Кличко адистер шаарды мүмкүн болушунча тезирек суу менен камсыздоого аракет көрүп жатканын билдирди. Борбор калаада метрону айрым тургундар бомбадан коргоонуучу жай катары да колдонуп жаткандыктан чектелген режимде иштеп жатат.

Расмий Москва азырынча бул чабуулдарга комментарий бере элек.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. БУУнун маалыматына караганда, ноябрдын ортосуна чейин 6557 жайкын тургун, анын ичинде 408 бала каза болгон. Бул сандар толук эмес болушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG