Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Бакировдун иш бөлмөсү боюнча талкуу 24-ноябрда уланат


Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин депутаттыгына ант берип жаткан учуру. 29-декабрь, 2021-жыл.
Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин депутаттыгына ант берип жаткан учуру. 29-декабрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакировдун кызматтык бөлмөсү боюнча маселе бир сааттай талкууланды. Бир нече эл өкүлү анын депутаттык укугу тебеленип жатканын, бөлмөгө байланыштуу укуктук баа берилиши керек экенин белгилешти.

Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Талант Мамытов Бакиров Ак үйдүн жетинчи кабатындагы кабинетти өзү оңдотконун билдирди.

“Расмий маалымат берип койсом. 2020-жылы тополоңдо Ак үй өрттөлгөн. 7-кабаттагы дээрлик бардык бөлмөлөр талкаланган. 6-чакырылыштагы депутаттардан суранып, оңдоо иштери жасалган. Ошондой депутаттардын бири Өмүрбек Бакиров болгон. Ошол жердеги бардык таштандыгы чыгарып, оңдоткон”, - деди Мамытов.

Эл өкүлдөрү Бакировдун кабинетсиз калганын сынга алышты. Бир топ талаш-тартыштан кийин президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов президенттин иш башкармалыгынын баары мыйзам чегинде болгону тууралуу жазылган катын окуп берди. Маселе 24-ноябрдагы жыйында каралмай болду.

"Кабар” маалымат агенттигине президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усенова бул боюнча комментарий берип, "депутаттын иш бөлмөсүнөн көчүрүлүшүндө эч кандай саясий буюрутма болгон эмес" деп айткан.

Өткөн аптада Бакиров Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсүнөн чыгарылган. Анын алдында Элмира Усенованын колу коюлган кат жарыяланып, анда "Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууңузду өтүнөм" деп жазылган. Катта эл өкүлүнө башка бөлмө берилери да көрсөтүлгөн. Социалдык тармактарда депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор тараган.

Бакиров иш бөлмөдө 6-чакырылыштагы депутат кезинен бери отурганын жана президенттик иш башкармалыктын чечимин түшүнбөй жатканын "Азаттыкка" билдирген.

Анын алдында, 17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG