Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Адвокат журналист Болот Темировдун дайын-дареги белгисиз экенин айтты


Болот Темировду сот залынан алып кетип жатышат. 23-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек шаардык соту.
Болот Темировду сот залынан алып кетип жатышат. 23-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек шаардык соту.

Адвокат Замир Жоошев журналист Болот Темировдун кайда экенин билбей жатышканын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасында анын аэропортто же милицияда экени белгисиз болуп жатканын жазды.

“Кыргызстандын жаранын Кыргызстандан чыгарууга болбойт. Өлкөдөн чыгаруу деген - ал учуп же чыгып кеткиче коштоп жүрүү. Бул уурдап кетүү эмес”, - деп жазды Жоошев.

Бишкек шаардык сотунда 23-ноябрда Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты. Аны дароо сот залынан кармап, алып кетишкен.

Шаардык сот журналистти өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимдин аткарылышын Ички иштер министрлиги менен Чек ара кызматына жүктөгөн. Сот чечиминин түшүндүрмөсүндө Темиров Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесине таянып, эл аралык жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өлкөдөн чыгарылары айтылат.

Бир нече айып тагылган Темировдун ишин алгач Бишкектин Свердлов райондук соту караган. Райондук соттун өкүмүнө нааразы болгон прокуратура шаардык сотко кайрылган. 28-сентябрда Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов ага карата маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Судья Болот Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген.

Ал эми документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилген эмес.

Ага чейинки отурумда мамлекеттик айыптоо Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева аны өлкөдөн чыгаруу тууралуу да маселе көтөргөн. Бүгүнкү отурумда да прокурор Болот Темировду күнөөлүү деп таап, Кыргызстандан чыгарууну өтүндү.

Темиров соттогу акыркы сөзүндө күнөөсү жок экенин дагы бир жолу айтып, ага карата иш козгогон жана айып таккан күч органдарын акыйкат иштөөгө чакырды.

Журналистти жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон. Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG