Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Жарандык коом бийликти бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды


Парламент имараты.
Парламент имараты.

Укук коргоочулар, бейөкмөт уюм, жарандык коомдун 40ка жакын өкүлү президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, Акыйкатчы институтуна кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүнда сунушталып жаткан мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануу билдиришти.

Кайрылууда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү демилгеси бейөкмөт уюмдардын ишин чектей турганы, демократияга каршы келери жазылган.

“Коомдук талкууга кайрадан киргизилген мыйзам долбоору да негизги демократиялык принциптерге каршы келген басмырлоочу ченемдерди камтыйт жана ал кабыл алынган учурда коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ), анын ичинде Кыргыз Республикасында иштеп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши олуттуу чектелет”, - деп айтылат анда.

Жарандык коом кыргыз бийлигин адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге каршы келген мыйзам долбоорлорун колдобоого чакырды.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагууга чакырабыз”, - деп кошумчаланган кайрылууда.

Жогорудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү депутат Надира Нарматова сунуштаган. Ал бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөө керек экенин айтып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG