Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:56

Рим папасы Украинадагы согушту совет доорундагы геноцидге салыштырды


Рим папасынын 16-мартта тартылган сүрөтү.
Рим папасынын 16-мартта тартылган сүрөтү.

Рим папасы Франциск украиндер баскынчылыктан жапа чегип жатканын айтып, согушту советтик лидер Иосиф Сталин 1930-жылдары элге жасаган “үрөй учурган геноцид” менен салыштырды.

Франциск 23-ноябрда Ыйык Петр аянтында миңдеген адамдардын алдында сөз сүйлөдү:

"26-ноябрда биз Сталин тарабынан жасалма жол менен ишке ашырылган 1932-33-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарын эскеребиз. Келгиле, бул геноциддин курмандыктары жана миллиондогон украиндер үчүн дуба кылалы. Бүгүн баскынчылыктан азап чегип жаткан балдар, аялдар жана карылар үчүн дуба кылалы".

Февралда Орусия Украинага басып киргенден бери Рим папасы Франциск дээрлик ар бир кайрылуусунда Украинаны атап, согуш өзөктүк курал коркунучун жана көзөмөлгө алгыс глобалдык кесепеттерди күчөтөрүн эскертип келатат.

Өткөн айда ал Орусиянын президенти Владимир Путинден Украинадагы “зордук-зомбулукту жана адамдарды өлтүрүүнү” токтотууну суранган.

Ал арада 23-ноябрда Украинанын бир катар шаарлары ракеталык аткылоого кабылды. Баш калаа Киевде жана айрым облустарда жардыруулар болду.

Украинанын президенти Владимир Зеленский элге кайрылып, Орусия электр тармагын иштен чыгарса, тургундар коммуналдык кызматтарга байланыштуу "жеңилбес борборлорго" кайрылса болорун айтты. Ал өлкө боюнча 4000 борбор түзүлгөнүн, дагы курулуп жатканын белгиледи. Бийлик "Жеңилбес борборлор" деп аталган бул долбоорлор жапырт аткылоого туш болуп, электр жарыгы үзүлгөн аймактарды бир нече саат аралыгында жарык менен камсыздай турганын айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG