Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Эл аралык уюмдар Болот Темировдун абалына тынчсызданып жатышат


Болот Темиров сот залында. Сентябрдагы отурумда тартылган сүрөт.
Болот Темиров сот залында. Сентябрдагы отурумда тартылган сүрөт.

Эл аралык уюмдар 23-ноябрда кыргызстандык иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу сот чечимине тынчсыздануу билдиришти.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул чечим сөз эркиндиги жана иликтөөчү журналисттердин жеке коопсуздугуна кепилдик берүү боюнча эл аралык милдеттенмелерге каршы келет деп эсептейт.

"Биз кыргыз бийлигин бул фундаменталдык эл аралык принциптерди толук сактоого чакырабыз", - деп айтылат өкүлчүлүктүн Твиттерге жарыялаган билдирүүсүндө.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Твиттерге ушундай билдирүү таратып, "Журналисттерге өч алуудан коркпой иштөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керектигин, сөз эркиндиги Кыргызстандын Конституциясы менен корголгонун, бул укуктар сакталышы зарылдыгын" белгиледи.

Ушундай эле өңүттөгү билдирүүлөрдү Улуу Британиянын, Франциянын элчиликтери да таратышты.

Human Rights Watch уюмунун Чыгыш Европа, Кавказ, Балкан жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уилямсон сот чечимин жокко чыгарууга чакырды. Ал Болот Темиров менен 22-ноябрда Бишкекте түшкөн сүрөтүн жарыялап, "Кыргызстандагы адам укуктарынын эң начар көрсөткүчү" деп жазды.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, журналисттин укугун коргоого үндөдү. Аталган уюм RSF Awards 2022 сыйлыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында Болот Темировдун да ысымы бар.

Норвегиянын Хельсинки комитети Темиров Орусияга депортацияланышы мүмкүн деген маалыматка тынчсызданып, Орусияда журналисттердин коопсуздугу коркунучта экенин эске салды.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды.

Соттун чечими дароо күчүнө кирип, журналистти укук коргоо кызматкерлери сот залынан күч менен кармап кетишти. Аны каякка алып кетишкени, кайсы өлкөгө чыгарылары белгисиз. Болот Темиров соттогу акыркы сөзүндө өкүмдү бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Кыргызстанда төрөлүп, Орусияда өскөн, кийин мекенине кайтып келген Болот Темиров Орусиянын жараны экени айтылып, "Кыргызстанда аскердик билетти жасалмалаган" деп айып коюлган. Темиров бул айыпты четке каккан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG