Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Болот Темиров Бишкек-Москва учагы менен чыгарылганы белгилүү болду


Сот чечиминен кийин Болот Темировду залдан алып чыгып кетишти.
Сот чечиминен кийин Болот Темировду залдан алып чыгып кетишти.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Бишкек-Москва учак каттамында баратканын Фейсбуктагы Temirov LIVE баракчасы жазды. Маалыматка ылайык, журналист түшкөн учак 24-ноябрда Домодедово аэропортуна Бишкек убактысы боюнча саат 00:20да конот.

23-ноябрдын кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду бир нече күч кызматкерлери “Манас” аэропортундагы жүргүнчүлөр уча турган залга алып барган. Аба майданында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысынын Темировду кайда алып баратканы тууралуу суроосуна эч ким жооп берген эмес.

Анын алдында Бишкек шаардык соту Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, аны ошол жерден күч кызматкерлери мажбурлап алып кетишкен. Сот аны чыгаруу милдетин ИИМ менен Чек ара кызматына жүктөгөн.

Эл аралык коомчулук бул чечимди сындаган билдирүү таратууда.

Болот Темиров соттогу акыркы сөзүндө өкүмдү бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Кыргызстанда төрөлүп, Орусияда өскөн, кийин мекенине кайтып келген Болот Темиров Орусиянын жараны экени айтылып, "Кыргызстанда аскердик билетти жасалмалаган" деп айып коюлган. Темиров бул айыпты четке каккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG