Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Болот Темировду "Манас" аэропортунун учуу залына алып келишти


Болот Темиров сот залында. Сентябрдагы отурумда тартылган сүрөт. 2022-жыл.
Болот Темиров сот залында. Сентябрдагы отурумда тартылган сүрөт. 2022-жыл.

23-ноябрда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду бир нече күч кызматкерлери “Манас” аэропортундагы жүргүнчүлөр уча турган залга алып барышты. Аба майданында жүргөн “Азаттыктын” кабарчысынын Темировду кайда алып баратканы тууралуу суроосуна эч ким жооп берген жок. Журналистти ортого алып, коштоп бараткандар видео тартууга тоскоол болушту. Кабарчыбыздын айтымында, Темировду аэропорттогу милиция бөлүмүндө кармап турушкан.

“Биз аны менен сүйлөшкөнгө үлгүрбөй калдык. Мага бул жакта жок деп айтышкан. Биз азыр аны учакка отургузуп коюшту деп болжоп жатабыз. Ал кандай документ менен учуп кетип жатканын дагы билбейбиз. Анын кыргыз паспорту жокко чыгарылган. Ал эми мен билгенден орусиялык паспорту Темировдун жакындарынын колунда. Укук коргоо органдары эмнеге мындай мамиле кылганын түшүнгөн жокпуз. Ага убакыт берип, адамча мамиле кылышса болбойт беле? Кандай документтердин негизинде учакка отургузганы түшүнүксүз”,- деди адвокат Баатыр Ботобеков.

Аба майданындагы маалымат тактасындагы билдирүүгө караганда жакынкы каттамдар кечки саат 8:00 жана 10:00дө Москвага, 8:15те Алматыга бар экени жазылып турат.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алды. Эл аралык коомчулук бул чечимди сындаган билдирүү таратууда.

Соттун чечими дароо күчүнө кирип, журналистти укук коргоо кызматкерлери сот залынан күч менен кармап кетишти. Аны каякка алып кетишкени, кайсы өлкөгө чыгарылары белгисиз. Болот Темиров соттогу акыркы сөзүндө өкүмдү бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Кыргызстанда төрөлүп, Орусияда өскөн, кийин мекенине кайтып келген Болот Темиров Орусиянын жараны экени айтылып, "Кыргызстанда аскердик билетти жасалмалаган" деп айып коюлган. Темиров бул айыпты четке каккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG