Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Темировдун жубайы күйөөсү Москвада туугандарына жеткенин билдирди


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы күйөөсүнүн Кыргызстандан күчтөп чыгарылышына байланыштуу "Азаттыкка" комментарий берди. Анын айтымында, журналистти Бишкектен Москвага чейин күч кызматкерлеринин эки өкүлү оштоп барган. Темировду аэропортто чек арачылар суракка алган.

"Ал учактан түшкөндө чек арачылар "эмне иш кыласың" деп суракка алышыптыр. Иликтөөчү журналист экенин, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди, коррупцияны иликтерин айтыптыр. Акчанын кайдан аласың деген суроосуна грант аларын айтыптыр. Аны туугандары тосуп алыптыр. Болоттун айтымында, аны аэропорттон дароо эле чыгарыптыр, бирок аны коштоп баргандарды бир аз кармаптыр. Болоттун жанында эч кандай документ жок болчу. Анын айтымында, алар орус элчилигине кирип кайсы бир документтерди алып, ошонун негизинде алып кетишиптир".


Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана анын күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери коштоп кеткени белгилүү болгон. Анын алдында Бишкек шаардык соту Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, аны ошол жерден күч кызматкерлери мажбурлап алып кеткен. Сот аны чыгаруу милдетин ИИМ менен Чек ара кызматына жүктөгөн.

Эл аралык коомчулук бул чечимди сындаган билдирүү таратууда.

Иликтөөчү журналист соттогу акыркы сөзүндө өкүмдү бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Бийлик өкүлдөрү Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, айтылган дооматтарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда төрөлүп, Орусияда өскөн, кийин мекенине кайтып келген Болот Темиров Орусиянын жараны экени айтылып, "Кыргызстанда аскердик билетти жасалмалаган" деп айып коюлган. Темиров бул айыпты четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG