Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

ЖКда Темировдун өлкөдөн күчтөп чыгарылышы боюнча маселе көтөрүлдү


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешов парламенттин 23-ноябрдагы жыйынында иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандын күчтөп чыгарылышына байланыштуу маселе көтөрдү. Ал кесиптештерине кайрылып, бул окуяны талкуулоону сунуштады.

"Кечээ кыргызды кыргыз Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарды. Бул өтө ашыкча болду. Соттун чечими чыга электе эле милициялар аны аэропортко алып барышты. Ал иликтөөчү журналист, анын жазгандары кээ бир адамдарга жакпасын түшүнүп жатам. Укук коргоо органдары аркылуу, соттор аркылуу өч алуу туура эмес. Бул аракеттер мыйзамсыз",-деди Бекешев.

Темиров 23-ноябрдын кечинде Манас аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана анын күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери коштоп кеткени белгилүү болгон. Анын алдында Бишкек шаардык соту Темировду өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарып, аны ошол жерден күч кызматкерлери мажбурлап алып кеткен. Сот аны чыгаруу милдетин ИИМ менен Чек ара кызматына жүктөгөн.

Эл аралык коомчулук бул чечимди сындаган билдирүү таратууда.

Иликтөөчү журналист соттогу акыркы сөзүндө өкүмдү бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Бийлик өкүлдөрү Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, айтылган дооматтарга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда төрөлүп, Орусияда өскөн, кийин мекенине кайтып келген Болот Темиров Орусиянын жараны экени айтылып, "Кыргызстанда аскердик билетти жасалмалаган" деп айып коюлган. Темиров бул айыпты четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG