Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Бакировдун иш бөлмөсү алмашкан окуяны депутаттык комиссия иликтейт


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңеште эки күндүк кызуу талаш-талкуудан кийин депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсү алмашкан окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Бир катар депутаттар аны кызматтык бөлмөдөн чыгаруу мыйзамсыз болгонун айтып чыгышкан жана түшүндүрмө берилишин, чара көрүлүшүн талап кылган.

Парламенттин 23-ноябрдагы жыйынында буга байланыштуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси чакыртылганы менен келген жок.

Бакировдун Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсү өткөн аптада алмашкан. Анын алдында президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованын колу коюлган кат жарыяланып, анда "Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууңузду өтүнөм" деп жазылган. Катта эл өкүлүнө башка бөлмө берилери да көрсөтүлгөн. Социалдык тармактарда депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор тараган.

Бакиров бул бөлмөдө 6-чакырылыштагы депутат кезинен бери отурганын жана президенттик иш башкармалыктын чечимин түшүнбөй жатканын "Азаттыкка" билдирген.

Анын алдында, 17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG