Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:33

Өкмөт быйыл Кумтөрдүн 17,2 тонна алтыны өлкөдө калат деп божомолдоодо


Кумтөр.
Кумтөр.

Кумтөрдү өкмөт өз башкаруусуна алгандан кийин 2021-жылы кенде өндүрүлгөн алтындын 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңеште бюджет маселеси каралып жатканда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын жыйынтыгы менен 17,2 тонна алтын өлкөнүн өзүндө калат деп божомолдонуп жатат.

Өкмөт башчынын билдиришинче, Кумтөрдөн Кыргызстанга төлөнгөн дивиденддердин жалпы көлөмү 2010-2021-жылдары 11 жылда 5,3 миллиард сомду (90,8 миллион доллар) түзсө, быйылкы 2022-жылы 10 айда салык, салыктык эмес жана келишимдерде каралган төлөмдөрдөн 26,5 миллиард сом түштү.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Ушул жылдын август айында “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышына байланыштуу макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген. Президент Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачыкталбай турганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG