Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Орусия полигондо каза болгон мигранттын сөөгүн туугандарына өткөрүп берди


Эхсон Аминзода.
Эхсон Аминзода.

Орусиянын бийлиги Белгороддогу аскердик полигондогу атышууда окко учкан Тажикстандын 24 жаштагы жараны Эхсон Аминзоданын сөөгүн туугандарына өткөрүп берди. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады. Маалыматка караганда, учурда Кушониен районунда анын сөөгүн жакындары күтүп жатышат.

24 жаштагы Эхсон Аминзода Белгороддогу аскердик полигондо болгон атышууда 16-октябрда окко учкан. Ал полигондо Украинага жибериле турган жоокерлер даярдыктан өтүп жаткан. Орусиянын Коргоо министрлиги ок атууга шектелип жаткан «борборазиялык эки адам мерт кеткенин» билдирген. Эхсондун жакындарынын айтымында, анын согушка барууга ниети болгон эмес. Ал Москвадагы ресторандардын биринде иштечү. Эхсон Аминзода 10-октябрда Люблино метросуна жакын жерден жоголуп кеткен.

Буга чейин Украинадагы согушка азгырылган борборазиялык мигранттар тууралуу маалыматтар чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG