Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

Экс-президенттин жеңилдиктерин чектеген мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды


"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы.

Кыргызстандын экс-президент деген расмий макамга ээ мурдагы башчыларына мамлекеттин эсебинен берилүүчү айрым жеңилдиктерди жоё турган мыйзам долбоору бүгүн 21-декабрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. «Президенттин ишинин кепилдиктери жана экс-президенттин макамы жөнүндө” мыйзамын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун депутат Жеңишбек Токторбаев сунуштоодо .

Ал демилгенин максаты – мамлекеттик каражатты жана мүлктү рационалдуу пайдалануу экенин айтты:

«"Экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет " деген норманы алып салуу. Экс-президент жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып бир ай ичинде резиденция аймагында жайгашкан үйдү пайдаланууну токтотот. Резиденцияда убактылуу жашаган кызмат адамдары ошол үйлөрдүн коммуналдык акысын өз эсебинен төлөйт. Экс-президент мамлекеттик кайтарууну жеке каражатынын эсебинен пайдалансын. Мына ушундай өзгөртүүлөрдү сунуштайбыз. Ошону менен катар "медициналык тейлөөнү акысыз колдонот" дегенди алып салып, эл катары колдонуусу, байланыш каражаттары менен да эл катары өз эсебинен колдонуусу сунушталууда».

Бул өзгөртүүлөр эгер мыйзам долбоору үч окууда тең колдоо таап, ага президент кол койсо ишке кирет. Ага чейин башка да кошумча-алымчалар болот.

Азыркы мыйзам боюнча экс-президент мамлекеттик күзөт, үй, медициналык тейлөө менен өмүрүнүн аягына чейин толук камсыздалат, аэропорттогу жана башка бекеттердеги расмий залдардан, өкмөттүк байланыштан бекер пайдалана алат, президенттин айлык акысынын 75% өлчөмүндө пенсия алат.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декреттери, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган. Бешөөнүн арасынан Отунбаева менен Атамбаев мөөнөтүнүн аягына чейин чыгып, бийликти өткөрүп берген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG