Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Министрлик: Кыргызстан жыгачты ЕАЭБден тыш эч жакка экспорттобой турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, быйыл август айынан бери өлкөдөн жыгач материалдары Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) тышкары эч жакка чыгарылбай келатканын эскертти. 21-декабрда жарыяланган билдирүүдө Орусияда быйыл жыл башында киргизилген чектөөдөн улам Кыргызстан бул өлкөдөн жыгач материалдарын ташып келе албай калганы, 1-августта кыргыз өкмөтү да жыгач материалдарын ЕАЭБден сырткары жакка экспорттоого убактылуу тыюу салган токтом кабыл алганы айтылат.

“Тыюу Орусияда өндүрүлүүчү жыгач материалдарына гана эмес, кайсы гана өлкө болбосун, баарына карата киргизилген” деп белгиленди аталган билдирүүдө.

Бүгүн 21-декабрда “Клооп” басылмасынын сайтына “Кыргызстан Беларуска Евробиримдиктин санкцияларын кыйгап өтүүгө кантип жардам берүүдө” деген иликтөө жарыяланган. Анда иликтөөчү журналисттер Беларустун жыгачы Кыргызстан жана Казакстандын атынан Евробиримдиктин аймагына экспорттолуп жатканын аныкташкан. Евробиримдик өз аймагына Беларустун жыгачын импортоого тыюу салгандан кийин аны Кыргызстандын документтери менен ташып кирүү 18 миң эсе көбөйгөн. Эксперттердин айтымында, Кыргызстан Орусия менен Беларуска санкцияларды айланып өтүүгө жардам берүүнүн кесепетин тартып калышы толук мүмкүн.

“Азаттык” бул маселеге байланыштуу “Кыргызстандарт” мамлекеттик мекемесине кайрылганда анын жетекчилиги мындай продукцияга бир дагы сертификат бербегенин, бирок Кыргызстандын аймагында сертификация менен алектенген 20дай жеке компания бар экенин билдирди.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан керектөөдөгү жыгачтын 90% көбүн чет өлкөдөн, көбүнчө Орусиядан ташып келет. (RK/AiB)

XS
SM
MD
LG