Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

USAID Бишкектеги ыш маселесин чечүүгө жардам берет


Бишкек.
Бишкек.

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкек шаарын ыштан тазалоого жардам берет.

Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев аталган агенттиктин администраторунун орун басары Анжали Каур менен сүйлөшүүсүндө айтылды. Элчилик тараткан маалыматка караганда, жолугушуу 20-декабрда болду. Анда Аманбаев АКШ өкмөтү берген жардамдардын баарын Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана Бишкектин аба ырайын жакшыртууга буруу зарылдыгын белгилеген.

Каур өткөн айда АКШ бийлиги Баткен элине баш-аягы 8 миллион сомдук гуманитардык жардам жеткиргенин белгиледи. АКШ өкмөтү жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын долбоор баштап, баш калаанын абасын тазалоого жардам берилерин кошумчалады.

USAID акыркы беш жылда Кыргызстанга 188 млн. доллар бөлгөн. 1992-жылдан бери өлкөнүн өнүгүшү үчүн жалпысынан 600 млн. доллардан ашуун жардам берген.

Кайтарымсыз грант катары берилген каражат бизнести колдоого, айыл чарбасын өнүктүрүүгө, саламаттык сактоону жакшыртууга, көз карандысыз ЖМКларды чыңдоого, баштапкы билим берүүнү жакшыртууга, шайлоолорду колдоого жана башка өнүгүү программаларына жумшалган.

Бишкек соңку жылдары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын катарына кошулду. Дүйнөлүк World Air Quality Index порталынын көрсөткүчү боюнча Бишкек эң булганыч шаарлардын сап башына байма-бай чыгып турат.

Борбор Азиядагы Америка университетинин "Тянь-Шань" аналитикалык борбору менен ЕККУ академиясынын изилдөөсүнүн маалыматына ылайык, акыркы алты жылда көмүр жакканда бөлүнгөн зыяндуу газдар 22% көбөйгөн.

2021-жылы ноябрда Глазгодогу климаттын өзгөрүшүнө арналган COP26 саммитиндеги сөзүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2050-жылга чейин көмүрдөн баш тартып, жашыл экономикага өтөрүн билдирген.

Президент борбор калаанын үстүн каптаган ышты азайтууга эл өзү жардам бериши керектигин "Кабар" агенттигине 17-декабрда курган маегинде билдирген.

Мамлекет башчы тик учак менен Бишкектин үстүнөн айланып учуп кыдырганын, ыш Бишкек жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) чыгып жатат деген дооматтарга кошулбай турганын айткан.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG