Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Таштанды талаасы дагы 30 гектарга жайылды, маселени Коопсуздук кеңешинде кароо сунушталды


Таштанды полигону.
Таштанды полигону.

Бишкектин четиндеги таштанды талаасын иретке келтирүү үчүн бөлүнгөн акча маселесин изилдеген депутаттык комиссия бул көйгөй өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде каралышы керек деген бүтүмгө келди. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында комиссиянын төрагасы Мирлан Самыйкожо билдирип, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) бөлгөн каражат боюнча козголгон кылмыш иштери аягына чыкпай жатканын айтты.

Депутат белгилегендей, таштанды талаасынын маселеси чечилгенче анын аянты 45 гектар жерден дагы 30 гектарга чоңоюп, бүгүнкү күндө 75 гектар жерди ээлеп турат, 270 чарчы метрлик кеңсенин курулушуна 10 миллион сом кеткен, 387 миң евролук трактор үч жылдан бери иштебей турат, аны оңдоого 30 миң евро талап кылынууда, бир күндө бул полигонго 300дөй машина кирип, шаардан чогулган таштандыны таштап кетүүдө:

“Ошол таштанды талаасын тебелеп чыккан 300 машинанын дөңгөлөгүнө жабышкан нерсенин баары шаардын ичине тарап, ар бирибиздин эшигибиздин алдына барып жатат. Ушунча жылдан бери иш аягына чыкпай жатса, Ички иштер министрлигинин, прокуратуранын, Эсеп палатасынын алы жетпей жатса, анда улуттун коопсуздугу, эртеңки келечегибиз, саламаттыгыбыз үчүн муну Коопсуздук кеңеши өзү көзөмөлдөп, карасын деген жыйынтыкка келдик”.

ЕБРР Бишкекке таштанды төгө турган жаңы полигон куруу жана рекультивация иштерине 2012-жылы “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” деп аталган долбоорду каржылоого 22 миллион евро (жарымы насыя, жарымы грант түрүндө) бөлүүгө макул болгон. Бүгүнкү күнгө карата бул акчанын 12 миллиону келген, калган акча бөлүнө элек.

Келген акчага байланыштуу беш кылмыш иши козголгонун быйыл 9-декабрда Жогорку Кеңеште борбор калаанын прокурорунун орун басары Рысбек Аманатов билдирген. Анын айтымында, “Беш кылмыш ишинин үчөө боюнча тергөө аяктап, Бишкек мэриясынын алдындагы "Санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары кылмыш жообуна тартылып, иштер сотко өткөн. Калган эки иш боюнча келтирилген зыянды толук аныктоо үчүн экспертиза жүрүп жатат”.

Аманатов мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы ар бир иш боюнча өзүнчө эсептелип жатканын, биринде 41,4 миллион сом, биринде 22,3 миллион сом, дагы биринде 1,4 миллион сом деп аныкталганын, калгандары боюнча да эсептөө жүрүп жатканын, орду дээрлик толтурула электигин кошумчалаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG