Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Economist журналы Украинаны жылдын өлкөсү деп атады


Украина Economist журналынын версиясы боюнча жылдын өлкөсү деп табылды.

"Адатта мындай сый-урмат биздин көз карашыбыз боюнча абалы акыркы 12 айда жакшырган өлкөлөргө берилет. Украина боюнча кандайдыр бир мааниде адаттан тыш тандоо болду, анткени Владимир Путиндин бийлиги басып киргенден бери украиналыктардын көбүнүн жашоосу кыйла начарлап кеткен. Көптөгөн адам өлдү. Шаарлар талкаланып, күйүп кетти. Миллиондогон адамдар үйлөрүн таштап качышты. Украинанын экономикасы болжол менен үчтөн бирге кыскарды. Орусиянын чабуулдарынан көптөгөн украиналыктар электр жарыгысыз караңгыда титиреп калышты. Анткен менен украиналыктар бул жылы өздөрүнүн каармандыгын көрсөтүштү", - деп жазат басылма.

2021-жылы аталган журнал коронавирус пандемиясынын фонунда ички саясий карама-каршылыктарды жөнгө салган саясаты үчүн жылдын өлкөсү деп Италияны тандаган.

2019-жылы мындай сый-урматка Өзбекстан татыган. Журналисттер президент Шавкат Мирзиеёвдин реформаларынын негизинде өлкөдө абал кыйла жакшырганын белгилешкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG