Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

Депутат Осмонов ишкерликти текшерүүгө беш жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады


Айбек Осмонов.
Айбек Осмонов.

Парламенттин 21-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов ишкерликти текшерүүгө беш жылдык мораторий киргизүүнү сунуштады. Бүгүн парламентте "Ишкердик субъектилеринде текшерүү жүргүзүүнүн тартиби" жөнүндө мыйзамдын долбоору талкууланды. Осмонов Экономика министрлиги сунуштаган мыйзамдын долбоору толуктоолорго муктаж экенин билдирди.

"Өнүккөн мамлекеттерде жеке ишкерлерге аяр мамиле жасап, колдоо көрсөтүлөт. Бизде дагы ошондой мыйзамдар бар, бирок иштебейт. Биздин бюджет ишкерлердин салыгынан толуп, айлык акы көтөрүлүп, көп иштер бүтөт. Ишкерликти текшербөө тууралуу мораторий кабыл алынган учурда текшерүүчүлөр бирөөгө арыз жаздырып, ошонун негизинде текшеришет. Ушул жагдайды дагы мыйзамга киргизип койбойлубу", - деди эл өкүлү.

Буга чейин президент Садыр Жапаров "Ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилет.

Депутат Осмонов мораторий киргенден кийин дагы ишкерлерди текшерген учурлар көбөйгөн учурлар болгонун, ушуга көзөмөл кылууну сунуштады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекованын айтымында, 2019-2020-жылдары ушундай мораторий кирген. Ал ошондон кийин текшерүүлөр тогуз эсеге кыскарганын билдирди. Бирок коопсуздукту камсыз кылуу максатында, экологияга байланыштуу маселелерде арыздын негизинде ишкерлик субъектилер текшериле турганын кошумчалады.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанга быйылкы жылдын алгачкы алты айында 628 млн. доллар инвестиция кирип, 483 млн. доллар чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG