Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

ЖК төрагасы Шакиев дарылардын баасын көзөмөлдөөнү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдө сасык тумоо курчуп жаткан учурда дары-дармек баасын көзөмөлгө алууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-декабрда парламент жыйынында билдирди.

"Бүгүнкү күндө өлкөдө оорулар күчөп, сасык тумоонун бир нече түрү жүрүп жатат. Жарандардын, элибиздин саламаттыгы чоң маселе болуп турат. Ушундай учурда бардык дарыканалардагы дары-дармектин бааларын, жетиштүүлүгүн Саламаттык сактоо министрлиги, өкмөт көзөмөлгө алыңыздар. Спекуляцияга жол бербеш керек", - деди спикер.

Кыргызстанда тумоого кабылгандар кескин көбөйгөнү мындан эки апта мурда байкалган. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти соңку бир аптада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция 44 миңден ашык кишиден аныкталганын билдирген.

20-декабрда аталган мекеме мектептердеги карантиндин мөөнөтүн 30-декабрга чейин узартууну сунуштады. Расмий маалыматка ылайык, соңку бир күндө өлкөдө сасык тумоо менен ооруган 6,5 миңден ашык учур катталды. Департамент балдар арасында ооругандар көбөйүп жатканын эскертти.

Билим берүү министрлиги карантинге байланыштуу кандай чечим кабыл алынарын жарыялай элек.

Балдар арасында ооругандар көбөйгөнүнөн улам Кыргызстанда мектептерде 15-декабрдан 24-декабрга чейин карантин жарыяланып, онлайн окутуу башталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG