Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Окуу жайларга кышкы кабыл алуу 26-декабрда башталат


Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет. Иллюстрациялык сүрөт.
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга 2022-2023-окуу жылына кышкы кабыл алууга байланыштуу буйрук чыгарды.

Ага ылайык, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи этабы 26-декабрдан 31-декабрга чейин жүрөт.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 9:00го чейин жайгаштырылат.

Абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 31-декабрга чейин тастыкташы зарыл.

Кыргызстанда быйыл алгачкы жолу кышында да жалпы республикалык тестирлөө өттү. Тестирлөө 24-30-ноябрь күндөрү уюштурулган.

Кыргызстанда 70тей жогорку окуу жайында 200 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Адатта жалпы республикалык тестирлөө жайында уюштурулуп келет. Быйыл анын негизги этабы 24-28-май күндөрү өткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG