Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Адвокат: Орозайым Нарматова жеке диагностикалык борборго жеткирилди


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган, ачкачылык кармап жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Бишкектеги жеке диагностикалык борборлордун бирине жеткирилди. Бул тууралуу анын адвокаты Гуляна Убалиева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Нарматова бүгүн эртең менен эси ооп кулап калган жана абалы туруктуу эмес.

"Түшкө чейин Нарматованын жүрөгү текшерилет, анын жүрөгүнүн согушу тездеп, энтигип жатат. Эртең менен анын эси ооп жыгылып калган. Анын гемоглобини да азайып кеткен", - деди адвокат.

Эксперт Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы баракчасына көз карандысыз дарыгер катары тергөө абагына кирип чыкканын, ачкачылык кармап жаткан Перизат Суранованын абалы начар экенин, ал ооруканага жаткырууну суранып жатканын жазды.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 19-декабрда ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирген.

Мунун алдында акыйкатчы Атыр Абдрахматова ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган. Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен текшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган. Акыйкатчы Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгы тынчсыздануу жаратарын белгилеген.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат, айрымдарынын наар албай жатканына бир аптага чукулдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG