Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Маданият министрлиги “Политклиникага” каршы жазылган арызды четке какты


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Политклиника” басылмасынын үстүнөн жазган арызды четке какты.

Бул тууралуу аталган медиа министрликтин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башчысы Салкын Сарногоевага таянып өзүнүн сайтына жазды.

Маалыматка караганда, басылмага чара көрүү боюнча арызды Кара-Буура райондук сотунун судьясы Индира Асилова жазган.

Министрлик “Политклиника” медиасынын “Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен” аттуу иликтөөсүндө арыз ээси Индира Асиловага байланыштуу маалыматтары мамлекеттик органдардан алынгандыктан, басылманын үстүнөн түшкөн арызды четке кагуу чечими кабыл алынган.

“Азаттык” 14-декабрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жайгашкан маданият үйү белгисиз жагдайлардан улам жеке тараптарга өтүп кеткени тууралуу материал жарыялаган. Анда маданият үйүнүн жери “Барашек” кафесине кошулуп, терраса болгону дагы айтылат.


“Политклиника” медиасы кадастрдык документтердин негизинде аталган жер учурда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын наамында экенин аныктаган.

Иликтөөдө сөз болуп жаткан жерге 2015-2016-жылдары Таластагы Кара-Буура райондук сотунун учурдагы судьясы Индира Асилова ээлик кылып турганы айтылат.

"Иликтөө жарык көргөндөн кийин, 16-декабрда Индира Асилова редакцияга бул материалдан өзү тууралуу маалыматты жана сүрөтүн алып салууну талап кылып кат жолдогон. Анда ал басылманы ар-намысына жана кадыр баркына шек келтирген деп айыптаган. Ошол эле күнү Маданият министрлигинен Индира Асиловадан “Политклиниканын” үстүнөн арыз түшкөнүн жана арызды юристтер карап жатканын маалымдашкан", - деп жазды аталган басылма.

Жогорку Кеңеш былтыр 28-июлда кезексиз жыйында чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Президент Садыр Жапаров документке бир айга жетпей эле кол коюп, ал күчүнө кирген.

Ушул жылдын башында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мыйзамды аткаруу жолдорун иштеп чыккан. Ага ылайык, арыз-даттанууларды Санариптик өнүктүрүү министрлиги алат жана жалган маалымат тараткан деген сайтты убактылуу жабуу менен алектенет.

Буга чейин ушул мыйзамдын арты менен ResPublica порталынын сайты эки айга жабылган.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган.

31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. 13-ноябрдан тартып НТС каналы "Азаттыктын" телерадио берүүлөрүн обого чыгарбай калган.министрлик “Азаттыктын” жана эки айга жапкан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG