Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Баткен: Жөлөкпул шартын өзгөртүү каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарынын жардамга муктаж тургундарына “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун берүүнүн жол-жобосу өзгөртүлүп жатканын бүгүн 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Депутат Миргүл Темирбаеванын Баткенде чек ара окуясынан жабыркаган айылдар азыр өзгөчө кыйын абалда турганы, калыбына келе электиги тууралуу суроосуна жооп берип жатып Базарбаев жөлөкпул төлөнүүчү критерийлер аталган аймак үчүн өзгөртүлөрүн айтты:

“Баткен боюнча чек арада жайгашкан 68 айыл бар. Ошол айылдарга өзүнчө критерий кылабыз”.

Базарбаевдин айтымында, “Үй-бүлөгө” көмөк жөлөкпулун 16 жашка чейинки курактагы балдары бар, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө ай сайын берилет. Жөлөкпулдун бул түрүн чегерүүдө үй-бүлөнүн автомашинасы, беш соткадан ашык жери, иштеген жумушу бар же жогу эске алынат. Ошондой эле ал үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше 1000 сомдон төмөн болуусу шарт.

Былтыр жазында жана быйыл сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, алардын айрымдары коопсуздук маселесинен улам үйүнө кайта электиги парламенттин бүгүнкү жыйынында айтылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG