Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Терроризмден корголуучу жайларга мечит, чиркөөлөрдү кошуу сунушталды


Бишкектеги мечиттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги мечиттердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет терроризмден корголушу керек болгон объектилердин тизмесин аныктады.

Тиешелүү токтомдун долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, тизмеге мөңгүлөр, дарыялар, табигый көлдөр, токой фонддору, токой чарба объектилери, улуттук макамы бар коруктар, убактылуу корукка алынган жайлар, табигый парктар, өзгөчө биосфералык аймактар, жолдор жана көпүрөлөрдөн башка бардык стратегиялык объектилер кирет.

Андан тышкары башка объектилердин тизмесинде:

  • бир эле учурда үч жүздөн жана андан көп киши боло турган (эл көп чогулган жерлер),
  • билим берүү жана медицина мекемелери;
  • соода, спорт, көңүл ачуу жайлары;
  • театрлар, концерттик залдар, стадиондор;
  • автовокзалдар;
  • базарлар, санаторийлер, пансионаттар;
  • коомдук тамактануу объектилери, парктар жана эс алуучу жайлар;
  • мечиттер, чиркөөлөр жана сыйынуу жайлары бар.

Долбоордун максаты террористтик актылардын алдын алууга багытталганы белгиленген.

Андагы талаптарга ылайык, тизмеге кирген жайлардын ээлери терроризмден коргонуу талаптарын пландап, ишке ашырууга милдеттендирилет. Талаптардын аткарылышын атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгы түзгөн комиссия көзөмөлдөйт. Текшерүүнүн жол-жобосу токтомдун долбоорунда жазылган.

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган террордук топтордун мүчөлөрү кармалганын утур-утур кабарлап турат.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин быйыл ноябрда Ереванда өткөн жыйынында президенти Садыр Жапаров терроризм уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирип жатканын айткан.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына ылайык, 2003-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстанда расмий түрдө 21 диний уюмдун ишмердигине тыюу салынган. Соттук инстанциялар аларды бузуку, экстремисттик жана террордук уюм деп тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG