Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Казакстан Германияга мунай ташуу маселесин караштырууда


Казакстандын Мангистау областындагы мунай кендери.
Казакстандын Мангистау областындагы мунай кендери.

Казакстан 2023-жылдын январь айынан тартып "Достук" кууру аркылуу Германияга мунай ташуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул тууралуу "Казмунайгаз" компаниясынын башчысы Магзум Мирзагалиев 21-декабрдагы басма сөз жыйында билдирди.

"Казакстан президентинин тапшырмасы менен "Казмунайгаз" 2023-жылдын январь айында Германияга мунай жөнөтүүнүн варианттарын карап көрөт", - деди ал.

Компаниянын басма сөз кызматы билдиргендей, Магзум Мирзагалиев 20-декабрда Германиянын экономика жана климатты коргоо министринин статс-катчысы Михаэл Кельнер менен видеобайланыш аркылуу, Астанада Германия парламентинин депутаты Кристиан Гёрк менен сүйлөшкөн.

Тараптар казак мунайын Германиянын Шведт шаарындагы мунай өндүрүүчү заводго экспорттоо маселесин талкуулады. Бундестагдын өкүлү жолугушууда Казакстандан "Достук" кууру аркылуу "чийки заттын туруктуу ташылып турушуна" кызыкдар экенин айткан. "Казмунайгаздын" жетекчилиги келишим жана техникалык маселелерди чечүү керектигин белгилеген.

Шведт шаарында жайгашкан, жылына 10 миллион тоннадан ашык чийки мунай иштетүүгө жөндөмдүү завод Берлинди жана Чыгыш Германиянын көпчүлүк бөлүгүн күйүүчү май менен камсыздайт.

“Достук” мунай кууру Орусия мунайын ЕБге ташуучу эң ири каналдардын бири. Ал Орусиядан башталып, бир бутагы Беларус, Польша, Германия, Латвия, Литвага кетет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG