Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:13

Базарбаев: Мигранттар маселесин талкуулоо үчүн Орусиядан Бишкекке делегация келе жатат


Москва. Кыргыз элчилигинин алдында кезекте тургандар. 2020-жыл.
Москва. Кыргыз элчилигинин алдында кезекте тургандар. 2020-жыл.

Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттары боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Бишкекке орус бийлигинин атайын делегациясы келе жатканын бүгүн 21-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Жыйында депутат Сеидбек Атамбаев мигранттардан документ алуу үчүн “жашыл карта” талап кылынып жатканы, ал карта медициналык текшерүүдөн өткөндөргө гана берилип, андай текшерүүдөн өтүүдө өтө чоң көйгөйлөр бар экени тууралуу маселе көтөрдү.

Депутатка жооп берген Нурдөөлөт Базарбаев бул маселе Орусиядан 25-декабрда келе турган делегация менен талкууланарын билдирди:

“Орусиянын саламаттык сактоо, экономика министрликтеринен, миграция кызматынан он чактыдай адамдан турган жумуш тобу бул жакка келе жатат. Буга чейин да Орусиянын Ички иштер министрлигинин Каттоо департаментинен өкүлдөр келип, дактилоскопиялык катоодон өткөрүү үчүн бул жактан борбор ачууга имараттарды карап кетишкен. Көйгөйлөр бар. Аларды жоюу боюнча иштер жүрүп жатат”.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.

Текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктардын көбүнөн жыныстык жол менен жугуучу оорулар аныкталып, аларды орус тарап бир гана клиникадан дарыланууга мажбурлап жатышканын 7-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков айткан.

Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG