Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Сасык тумоо: Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлору кечинде да иштейт


Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.

Сасык тумоого кабылгандар кескин көбөйгөнүнө байланыштуу Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлору бейтаптарды кечинде да кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкекте сасык тумоого кабылып, бейтапканага кайрылгандардын саны азайбай жатат. Ушуга байланыштуу үй-бүлөлүк медицина борборлору дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт. Дем алыш күндөрү күндүзгү саат 2ге чейин бейтаптарды кабыл алат.

Парламенттин 21-декабрдагы жыйынында спикер Нурланбек Шакиев өлкөдө сасык тумоо курчуп жаткан учурда дары-дармек баасын көзөмөлгө алууну сунуштады.

Кыргызстанда тумоого кабылгандар кескин көбөйгөнү мындан эки апта мурда байкалган. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти соңку бир аптада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция 44 миңден ашык кишиден аныкталганын билдирген.

20-декабрда аталган мекеме мектептердеги карантиндин мөөнөтүн 30-декабрга чейин узартууну сунуштады. Расмий маалыматка ылайык, соңку бир күндө өлкөдө сасык тумоо менен ооруган 6,5 миңден ашык учур катталды. Департамент балдар арасында ооругандар көбөйүп жатканын эскертти.

Билим берүү министрлиги карантинге байланыштуу кандай чечим кабыл алынарын жарыялай элек.

Балдар арасында ооругандар көбөйгөнүнөн улам Кыргызстанда мектептерде 15-декабрдан 24-декабрга чейин карантин жарыяланып, онлайн окууга өткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG