Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Кемпир-Абад иши: адвокаттар парламент комитетине кайрылуу жолдошту


Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат.
Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын адвокаттары Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбековага кайрылуу жолдоп, ишти тергеп жаткан тергөөчүлөрдүн аракеттерине юридикалык баа берүүнү өтүндү. Кайрылууну юрист Асыл Айтбаева Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Жактоочулардын тобу Кемпир-Абад иши боюнча кармоолор жана камоолор одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилешкен.

"Эки айдын ичинде тергөө аракеттери жүргөн жок, кармалгандар жөн гана №1 тергөө абагында кармалып турушту. Тергөөчүлөрдүн өздөрү иштин көлөмү көп болгонун жүйө келтирип, бул мыйзам бузууну моюндарына алышты. Мунун негизинде 37 тергөөчү 26 айыпталып жаткандарга байланыштуу эч кандай аракет көргөн жок. Мында өз милдеттерин аткарууда шалаакылыкка жол берилген. Экспертиза кылмыш иши козголгондон кийин гана дайындалып жатат. Бул тууралуу адвокаттар дагы, айыпталуучулар дагы билген эмес", - деп айтылат кайрылууда.

Мындан тышкары тергөөчүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 348 (Шалаакылык) жана 350-беренелери (Адвокаттын кесиптик ишине тоскоолдук кылуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек экени жазылган.

Буга чейин 12 адвокаттын турган топ президент Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад ишине боюнча кармалгандар тууралуу соңку билдирүүсүнө байланыштуу кайрылуу жолдогон. Анда өлкөнүн Конституциясына ылайык, президент адамдын жана жарандын укугунун гаранты экени эске салынган жана анын айткандары сынга алынган.

Президент 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандардын "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан.

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен", - деди президент.

Ал абактагы аялдарды үй камагына чыгаруу чакырыгына да оюн билдирип, кайрылгандар "мурдараак кыздарын, аялдарын тыйып, акыл үйрөтүүгө тийиш болчу" деген.

Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун билдиришинче, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына бир апта болду. Акыйкатчы баштаган айрым укук коргоочулар алардын арасынан Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануу билдиришкен. Жаза аткаруу кызматы ачкачылык кармагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын, саламаттыгы туруктуу экенин кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG