Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Орусияда "диверсиялык ишмердик" үчүн катаал жаза камтылган мыйзам кабыл алынды


Мамлекеттик дума. Москва.
Мамлекеттик дума. Москва.

Орусиянын Мамлекеттик думасы "диверсиялык ишмердикке көмөктөшүү" үчүн өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жазаны караган мыйзамды акыркы окууда кабыл алды.

Документ украин согушу башталагандан бери Орусияда бир нече техногендик кырсык катталгандан кийин иштелип чыккан. Палатанын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, согушту, качкындарды, чек араларды чет өлкөлүктөргө ачууну эске алганда, мындай мыйзам "өлкөнү коргоо үчүн зарыл".

Жобого ылайык, диверсиялык аракетке жалдоо, көндүрүү, кириптер болуу, каржылоо үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу каралган. Документте "диверсияны пропагандалоо" деген түшүнүк да бар.

Диверсиялык уюм түзүү үчүн 15-20 жылга же өмүр бою абакка кесүү, ал эми ага мүчө болуп киргендерге 5-10 жыл жаза каралган.

XS
SM
MD
LG