Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

"Украинага кеткенин кеч билдик". Абактан ажалга айдалган Чыңгыз


Орусиядагы абактардын бири
Орусиядагы абактардын бири

Орусиядагы түрмөлөрдүн биринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу Украинадагы согушка тартылган дагы бир кыргызстандык жигит каза тапканы белгилүү болду.

Ал ортодо Орусия борбор азиялык мигранттарды ар кандай ыкмалар менен Украинадагы согушка тартууну улантып жатканы айтылууда.

"Украинага кеткенин кийин уктук"

Жыл башында мерт болгон жигиттин сөөгү апрелдин ортосунда гана Кыргызстанга жеткирилип, Жалал-Абаддын Ак-Жол айылында жерге берилди. Бул жыл башынан бери коомчулукка белгилүү болуп, такталган алтынчы учур.

Орусиядагы түрмөлөрдүн биринен "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу согушка кеткен дагы бир кыргызстандык Чыңгыз Изабеков каза тапканын маркумдун жакындары “Азаттыкка” ырастады.

Алардын айтымында, кыргызстандык жигит октябрда, айрым маалыматтар боюнча ноябрда согушка тартылган. Туугандарына келген кара кагазда 11-январда каза болгону көрсөтүлгөн. Маркумдун сөөгү кичи мекенине үч айдан кийин, 13-апрелде жеткирилип, ушул эле күнү жерге берилген.

Туугандары алгач Чыңгыздын жараат алганын угушкан, кийин каза болгону белгилүү болгон.


Орусиядан жиберилген сөөктү Чыңгыздын атасынын бир тууганы Ырысбек Изабеков тосуп алган. Ал маркум эмнеден өлгөнү беймаалым экенин, табыттын үстүндө сөөктү мүрзөгө барганда гана ачууну сунуштаган кагаз чапталганын билдирди.

"Цинк табытта "ачпагыла, мүрзөгө барганда гана сөөктү мусулманча койсоңор болот" деген жазуу чапталган экен. Украинага былтыр октбярда, кээ бири ноябрда кеткенин айтып жатышат. Каза болгону тууралуу кабарды бир ай мурдараак уктук. Мурда тактаганда ошол жакта (Украинада - ред.) жүрөт, бирок жарадар болду деп укканбыз. Каза болуп калыптыр. Сөөктү мусулманча, өз жөрөлгөсү менен жерге бердик".

Айрым маалыматтар боюнча маркум снаряддын соккусунан жан берген.

Чыңгыз үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу болгон, быйыл августта 33кө чыкмак. Анын Орусияда алты жыл мурда "тоноо" беренеси менен айыпталып камалганы айтылды. Бирок жакындары Чыңгыздын кандай шартта камалганы тууралуу башка маалымат берген жок.

Орусиянын түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатып, Украинадагы согушка тартылган Чыңгыз Изабековдун каза болуп, жерге берилгенин Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кичи Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөн Султанмуратов дагы "Азаттыкка" ырастады.

"Орусиянын түрмөсүндө отуруп, "Вагнер" менен Украинага барып ошол жактан кайтыш болуп келди. 13-апрелде келери менен жерге койдук. Кара кагазда 11-январда өлгөнү жазылып жүрөт. Төрт-беш жыл камалган, билишимче абактан чыгышына бир-эки жылдык эле убактысы калган экен", - деди Султанмуратов.

Маалыматтарга караганда Чыңгыздын төрөлгөндө коюлган аты Бекжигит. Буга чейин Орусиядан депортация болуп келип, аты-жөнүн өзгөрткөнү айтылды.

Маркумдун Украинадагы согушка кеткени тууралуу туугандары кийин билген.

"Анын согушка кеткенин билген эмесмин, кийин аны менен түрмөдө чогуу отургандардан угуп калдым. Буга чейин которуу аракетинен эч майнап чыккан эмес. Которуп алайын деп бутум тешилген. Кыргыз балдар согушка кетти деп айтылган, тийиштүү өкүлдөр көңүл бурган эмес, аты-жөнүн дагы сурап, тактаган эмес. Мен абдан нааразымын", - деди жакындарынын бири.

Айрым өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган "Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган алты кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан. Чыңгыз Изабековду кошкондо орус түрмөсүнөн согушка тартылып, мерт болгон беш адамдын сөөгү Кыргызстанды жерге берилген. Бирөөнүн сөөгү Москванын жака белиндеги айылдарда "вагнерчилердин" көрүстөнүнө коюлганы белгилүү болгон.

"Азаттыктын" өзбек кызматы "Озодлик" кыргызстандык бир жигиттин сөөгү "вагнерчилердин" көрсүтөнүнө коюлганын жазган. Биз бул маалыматты тактай алган жокпуз.

Украинада орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга айына 100-200 миң рубль төлөө, орус паспорту жана абактан бошотуу убадасы берилген. Макул болгондор менен алты айлык мөөнөткө келишим түзүлгөн. Бирок бул каражатты бардыгы эле алышпаганын каза болгондордун жакындары "Азаттык" менен сүйлөшкөндө айтып беришти.

Орус түрмөлөрүндө отуруп согушка тартылган айрым кыргызстандыктардын арасында жараат алып кайтып келгендери дагы жок эмес. Адатта алар сүйлөп берүүдөн жаа бою качышат. Адистер түрмөдөн согушка кетип, кайтып келгендер кайра эле зарыл учурда кан күйгөн талаага чакырыларын, мындан качып кутулуу кыйын экенин айтышат.

Ал ортодо Орусия борбор азиялык мигранттарды орус армиясы менен келишим түзүүгө чакырган жаңы "ыкмаларды" колдонууда.

Расмий маалыматка ылайык, учурда орус абактарында миңден ашуун кыргыз жараны отурат жана алардын көбү маңзат менен кармалган.

"Сахароводогу азгырык"

Москвада "Сахарово" борборунда иштеген тажикстандык мигрант 5-майда айтылган борборго барган. Ал анда иштегендер жумушка уруксат документин берүүдөн мурун өзүнчө кеңсеге чакырып, согушка баруу үчүн акча сунуштаганына күбө болгон.

Кыргызстандык мигранттар Москванын өзүндө деле Украинадагы согушка чакырган кагаздар жолдордо таратылып жатканын билдирүүдө. Алар соңку учурдагы мыйзамдардын катаалдаганына байланыштуу, жеке коопсуздугу үчүн сүйлөп берүүдөн кооптонууда. Биз менен байланышкан кыргызстандыктын бири Сахароводо "депортация же Украина" деп тандоо койгон учурлар бар экенин айтты.

Сахарового жүргүнчү ташып, такси кызматын көрсөткөн Руслан "Сахарово" борборуна баргандарга каалоочулар Украинага барса болору жазылган кагаз берилип жатканын билдирди.

"Каалоочулар деп эле жазып койгон. Бармак изин тапшырып жаткан жериңизде ошондой кагаздарды чаптап коюшкан. Сунуштап жаткандар деле бар, бирок артыңыздан түшпөйт. Паспортко депорт басып, 15 күндөн кийин өлкөдөн чыгып кет дегенден кийин да кетпей жүргөндөр кармалганда дароо эле "Сахарово" борборуна алып кетип жатышат. Аларга деле акчасынан бери сунуштаптыр, бирок кеткендер болбоптур", - деди "Азаттык" менен азыноолак маектешкен учурда.

Ал ортодо Британ чалгын кызматы Орусияда борбор азиялык эмгек мигранттарынын Украинадагы согушка тартуу аракети күчөгөнүн айтып чыкты. 8-майдагы баяндамада аскер кызматкерлери жана тажик, өзбек тилинде сүйлөгөн миграция кызматкерлери мечиттерди атайын кыдырып, согушка чакырып жатканы айтылган.

Баяндаманын авторлору мындай шартта айрым мигранттар согушка барууга мажбур болгонун, алар Орусиянын Украинадагы согушка 400 миң ыктыярчыны тартуу өнөктүгүнүн бир бөлүгү болушу мүмкүн экенин болжолдошууда.

Келишим боюнча аскер кызматына чакырылгандарга адегенде бир жолку 2390 доллар, кийин ай сайын 4160 доллар маяна сунушталууда. Ошондой эле Орусиянын жарандыгын алуу үчүн жеңилдетилген "ыкмалар" берилери да айтылууда.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда кол салган. Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы окуя боюнча бейтарап макамды карманып келет.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу билдирип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

27-январда АКШ “Вагнерди” транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Орусиядагы компаниянын өкүлдөрүнө жаңы санкция салган. Апрель айында Евробиримдик аны санкциялык тизмеге кошкон. 9-майда Франциянын улуттук жыйынынын депутаттары "Вагнер" менчик аскердик компаниясын Европадагы террордук уюмдардын тизмесине киргизүү резолюциясына добуш берди. Ага чейин Литванын Сейми Европада алгачкы болуп "Вагнерди" террордук уюмдардын катарына киргизген.

"Вагнердин" жалданма согушкерлери учурда Украинанын Бахмут шаарында согушуп жатканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG