Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:50

Орусия: Соттолгондордун согушка барышына эмне түрткү болууда?


Читада согушка аттанып жаткан орусиялыктар, 2023-жыл, ноябрь
Читада согушка аттанып жаткан орусиялыктар, 2023-жыл, ноябрь

2023-жылдын жазында Орусияда жазык иштери боюнча айыпталгандар, бирок күнөөсү али далилдене элек болсо да өз ыктыяры менен согушка тартылгандар (азырынча айрым учурлар гана белгилүү) бар экендиги анык болду. Соттор чыгарган өкүмдөр көрсөткөндөй, «атайын согуштук операцияга» (орус бийлиги Украинадагы урушту ушинтип атоону талап кылат) катышуу жеңилдетилген жагдай катары эсептелиши мүмкүн жана бул үчүн соттолуучуларга эң төмөнкү жаза берилет. Атүгүл орус аймактарынын биринин депутаттары эгер айыпталуучулар «атайын операцияга» катышууга макул болушса, жазык иштерин жабууга мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзам кабыл алууну сунуш да кылып жиберишти.

"Медиазона" менен Би-Би-Синин орус кызматынын журналисттери аныкташкандай, Украинада марттын аягында жана апрелдин башында орус аскерлеринен өлгөндөрдүн көбү абактардан баргандар болгон. Бахмуттун алдындагы кармашта эки жуманын ичинде колониялар менен түрмөлөрдөн келген 1100дөй киши каза тапкан. Орусия коңушу мамлекетке басып киргенден бери "Вагнер" (жеке согуштук компания) менен келишим түзгөн (бул тууралуу 2022-жылы жаздын аягы, жайдын башталышында белгилүү боло баштаган) соттолгондордун канчасы өлгөнү али белгисиз. Аман калгандарга мунапыс берүүнү убада кылышууда (айтмакчы, алардын айрымдары жаңыдан кылмыш кылууга үлгүрүшүптүр). Айыпталып, бирок соттоло элек жарандар Украинада урушуп жаткан орустардын азыраагын түзөт, бирок убакыттын өтүшү менен алардын саны кыйла өсүшү ыктымал.

«Настоящее Время» басылмасы али соттоло электерди майданга «ыктыярдуу» айдашканы белгилүү болгондугун кабарлады.

Экономикалык кылмышка аралашкандар согуш аймагында кантип жашырынып жүрүшөт?

Теги молдовалык, Москвада менежер кызматын аркалаган Александр Дагуцаны чет өлкөгө 24 млн. долларды мыйзамсыз чыгарып кеткен деп айыпташкан. Дагуца күнөөсүн мойнуна алган эмес. 2022-жылы күзүндө, Лефортово сотунда жүрүп жаткан сот жараянында бөгөт чарасы катары аны башка жакка кетпөөгө милдеттендиришти. Бирок соттук териштирүү башталгандан кийин Дагуца жок болуп кетти.

Кийин ал жигит «Донбасстагы атайын операцияга» катышып жаткандыгына байланыштуу «жараянды токтотууну» суранып, судьяга арызын берип жиберген. Александр Дагуца «Орусиянын чегинен сырткары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча согуш аракеттерге катышуу жана атайын милдеттерди аткарууга же эл аралык террорчулук ишмердикти болтурбоого» милдеттенип келишим түзгөн жана айдоочу-граната ыргытуучу болуп алган.

«Атайын операция же менин келишимим аяктагандан кийин сотко өз ыктыярым менен келем», - деп жазган Дагуца.

Сотто соттолуучунун жактоочусу "Мекенди коргоо боюнча конституциялык же жарандык парзды аткаруу - качып кеткенге жатпайт" деп айтты.

Жыйынтыгында сот соттолуучунун согуш аракеттери жүрүп жаткан жерде катышып жатканын жүйөлүү себеп катары эске алып, анын ишин териштирүүнү белгисиз мөөнөткө токтото турууну чечти.

Экономикалык кылмышка айыпталып, айыпталуучу согуш аракеттерине катышууну чечкен дагы бир учур – бул Приморскидеги Большой Камень шаарынын мэри Рустям Абушаевдин окуясы. 2023-жылы, марттын аягында Абушаевди Владивостоктун жака-белинде жер участокторуна байланышкан алдамчылыкка жана мыйзамсыз бизнес жүргүзүүгө айыпташкан да, сырттан камакка алышып, федералдык издөө жарыялашкан. Ал эми апрель айында шаар башчысы өзүнүн Телеграм-каналында Украинага согушка бара турганын кабарлаган.

«Бул биздин Мекенибиз, биздин кишилер, мен өз өлкөмдү жана өз элимди коргогум келет», - дейт аскер форма кийип алган Абушаев.

Ал 8-марттын алдында каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү менен жолугушкандан кийин «атайын операцияга катышууну чечтим» дейт. Абушаевдин айтканына караганда, ал 2022-жылы Приморск крайында ыктыярчылардан түзүлгөн «Тигр» отрядына кошулган.

Рустям Абушаев
Рустям Абушаев

Маалыматка караганда, согуш жүрүп жаткан жерге өз ыктыяры менен барууну кир жуугуч машинени пара иретинде алган деп айыпталган Башкы штабдын уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын кызматкери Иван Мертвищев дагы "каалаган". Тергөөнүн маалыматы боюнча, Мертвищев 2022-жылкы күзгү чакырууну текшерүү жүргүзүүгө тийиш болгон аскер комиссариатынын башчысынан баасы 72 миң рубль турган Bosch кир жуугуч машинесин алган. Алгач мамлекеттик айыптоочу Мертвищевди эки жыл колонияга кесүүнү суранды. Аскер кызматкери күнөөсүн моюнга алып, кир жуугуч машине ага батирин оңдогондон кийин шашылыш керек болуп калгандыгын айтты. Сот муну жана Мертвищевдин Чеченстанда согушка катышкандыгын, ордендери бар экенин күнөөсүн жеңилдетүүчү жагдай катары эске алган.

Ошентип, «Пара алуу» деген беренени «Алдамчылыкка баруу аракети» деген берене менен өзгөрткөн. Ал эми Мертвищев өзүн Украинадагы согуш аракеттери жүрүп жаткан жактарга жөнөтүүнү суранып рапорт жазган. Сот ага 400 миң айып салып, эки жыл мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратты. Анын рапорту кабыл алындыбы же жокпу жана ал чын эле урушка кеттиби - өкүмдө такталган эмес.

"Сот "атайын операцияга " катышууну жеңилдетүүчү жагдай деп эсептейт

Алдын ала тергөө органдарында айыпталуучуну түрмөгө отургузуунун ордуна согушка жибере турган мүмкүнчүлүктөр бар дешет жактоочулар. «Биринчи бөлүмдүн» жактоочусу Евгений Смирнов «Настоящее Время» менен сүйлөшкөндө бул кандайча ишке аша тургандыгын түшүндүрдү:

«Күнөөлөнгөн киши согуш майданында жүргөндө алдын ала тергөөнү убактылуу токтото турууну сунуш кылышат. Анткени [мыйзамда]: «Айыпталуучунун турган жери белгилүү, бирок жараянга иш жүзүндө катышууга анын мүмкүнчүлүгү жок» деген пункт бар. Ал эми судья менен түзүлгөн келишим боюнча ал кайтып келгенден кийин эркинен ажыратуу менен байланышпаган эң төмөнкү жазаны дайындашат».

Мыйзам деңгээлинде муну сот согуш аракеттерине катышууну жеңилдетүүчү жагдай катары баалайт десе болот. Мыйзамда түздөн-түз согуш аракеттери тууралуу жазылган эмес. «Бирок Жазык кодексинде белгиленбеген дагы башка жагдайлар эске алына турган ачык пункт бар. Сот айыпталуучунун "атайын операцияга" катышуусун жеңилдетүүчү жагдай катары эсептейт да, ага эң төмөнкү жазаны белгилейт», - дейт Смирнов.

Новосибирск, Орусия. «Вагнердин» жалдануучулары көмүлгөн жай
Новосибирск, Орусия. «Вагнердин» жалдануучулары көмүлгөн жай

Жактоочунун сөзүнө караганда, тергөө абагында отуруунун же соттолуунун ордуна согуш аракеттери жүрүп жаткан чөлкөмдө кызмат кылууну айыпталуучулардын канчасы тандаганын так аныктоо кыйын:

«Бул соттордун сайтынан табылбайт, мындай тенденцияларга байкоо жүргүзүү мүмкүн эмес. Аталган сунуштар жөнүндө жазык ишине тиешеси бар кишилерден бөлөк эч ким билбейт. Колонияга келишип, баарын чогултуп, "Вагнерге" алып кетишкенин, адамдардын бир бөлүгү согушка кеткендигин гана билүүгө болот».

Тергелип жаткандар согушка жапырт жибериле баштайбы?

Орусиянын Мамдумасы 2022-жылы октябрда «Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндөгү» мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизди. Бул "Вагнер" абактагыларды келишим менен алып жатканы жана кызмат аяктагандан кийин аларга кечирим берилери ачыкка чыккан учурга туш келди. Муну менен оор кылмышы үчүн соттуулугу алынбаган же акталбаган жарандарды мобилизациялоого уруксат берилди.

2023-жылы кышында Федералдык Жаза аткаруу кызматы (ФСИН) Орусияда түрмөдө отургандардын саны тууралуу эсеп берди: 1-январга карата Орусияда түрмөлөрдө 433 миң киши жаза өтөп жатыптыр. Мурдагы ноябрдагы отчётто Орусиядагы абактагылар алты миң кишиге көп болчу.

Ал эми «Медиазонанын» журналисттери 2022-жылы сентябрь жана октябрь айларында орус түрмөлөрүндөгү эркектердин саны 23 миң кишиге азайганын аныкташкан. Басылманын кызматкерлери муну абактагылардын азгырып согушка тартылышы менен түшүндүрүшөт.

Бирок «Русь сидящая» фондунун башчысы Ольга Романованын сөзүнө караганда, «Вагнер» абактагыларды күзүндө көп жалдаганы менен, ал ийгиликсиз болгон: согуш аракеттери жүрүп жаткан чөлкөмгө туш келгенде абактардан келгендердин көпчүлүгү Украинада туткунга түшүп берген же колундагы куралы менен кайра артка, Орусияга качкан.

2023-жылы апрелде Мамдума Челябинск облусунун мыйзам чыгаруу жыйынынан Жазык-процессуалдык кодексине сунушталган түзөтүүлөрдү карай баштады. Депутаттар эгерде айыпталуучу согуш аракеттери жүрүп жаткан чөлкөмгө өз ыктыяры менен барып кызмат өтөөнү кааласа, анча чоң эмес жана орточо оордуктагы жазык иштерин, тактап айтканда майда уурулук, тоноо, уруп-согуу, өзүн билбей калган абалда киши өлтүрүүгө айыпталгандардын иштерин, эң узак мөөнөтү беш жылдан ашпаган иштерди жабууну сунуш кылышкан. Мыйзам долбоорун чечмелеген катта «атайын операция» шартында Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө келишим менен алуу үчүн «мамлекет тарабынан комплекстүү чаралар көрүлөт жана кызматка кылмыш жасаган жарандар тартылат» деп айтылат.

«Ошентип, жарандын коом жана мамлекет алдындагы күнөөсүн жаба турган мүмкүнчүлүк мамлекет тарабынан таанылат». Документтин авторлору «бул атайын согуштук операция шарттарындагы саясатына ылайык келет» деп эсептешет.

Жактоочу Евгений Смирнов түзөтүүлөрдүн кабыл алынышына анча ишенбейт:

«Орусияда Жазык жана Жазык-процессуалдык кодексин колдонууда жекече мамиле жасалат: ар бир конкреттүү учур өзүнчө каралат жана мыйзам да ар бир учурда өзүнчө колдонулат. Эгерде жазык жоопкерчилигинен жалпы бошотуу жөнүндө айта турган болсок, анда башка кеп. Мындай учурда Мамлекеттик Дума мунапыс актысын кабыл алышы ыктымал», - дейт ал.

Эгер Мамдума чын эле мунапыс актысы жөнүндө чечим кабыл алса, анда ал келечектеги эмес, соттордо жаткан же өкүм чыккан иштерге гана тиешелүү болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG