Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

"Вагнердин" көрүстөнү: Орусия абактарынан дайынсыз болгондор


"Вагнер" жалданма күчтөрүнүн башчысы Евгений Пригожин.
"Вагнер" жалданма күчтөрүнүн башчысы Евгений Пригожин.

Январь айынан бери Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы (ФЖАК) түрмө статистикасын жаңыртууну токтотуп койду. Муну менен Украинадагы согушка тартылгандардын санын аныктоого мүмкүн болбой калды. Бирок "Медиазона" 35 аймактагы башкармалыктардын сайттарынан керектүү маалыматтарды тапты – аларды карап, соттолгондорду кайсы аймактан эң көп алып кетишкенин көрүүгө болот.

Булак: “Медиазона"

2022-жылы ноябрда “Медиазона” ФЖАК статистикасын иликтеп, эки айдын ичинде Орусиянын колонияларынан 23 миң киши дайынсыз жок болгонун аныктаган. Бул “Вагнер” Жеке менчик аскердик компаниясына (ЖАК) түрмөдөгүлөрдүн согушка канчалык көп тартылганын тактоого мүмкүнчүлүк түзгүдөй алгачкы расмий маалыматтар эле.

Андан кийин ФЖАК бир топ убакытка чейин статистикалык маалыматтарды жарыялоону токтотуп, анан январь айында түрмөдө отургандардын саны азайбай калды деп кабарлаган. Ошондон бери эч кандай жаңы маалымат берилбей келген эле. Бирок, албетте, согушка алып кетүү иши токтоду, 23 миң киши менен эле чектелип калат деп айтууга болбойт.

Күздөгү кескин кыскарууну айтпаганда деле 2022-жылы түрмөдөгүлөрдүн саны мурдагы жылдардай азая берген болчу, ошондуктан жыл ичиндеги "кеткендердин" саны дээрлик 33 миң адамды түздү.

"Медиазона” ФЖАКтын аймактык бөлүмдөрүнүн акыркы маалыматтарын иликтеп (айрым региондор дагы эле жарыялап жатат), мурунку жылдарга салыштырып, ушул 33 миң камактагы кишилердин болжол менен 17 миңи каяктан экенин аныкташкан.

Абактагылар жоголуп кеткен аймактардын картасы

Орусиянын бардык эле аймактарында абактагылардын саны жөнүндө статистикалык маалымат жарыяланбайт, мунун анча-мынчасы ФЖАКтын 58 бөлүмүндө гана бар. Бирок 2023-жылдын башындагы өзгөрүүлөрдү аныктоо үчүн учурдагы маалыматтардан тышкары 2022-жылдын биринчи айларынан берки архивдик маалыматты алуу керек. ФЖАК аны ачыкка чыгарбайт, ошентсе да Internet Archive веб-сайттарындагы көчүрмөлөрдөн алууга болот.

35 аймактын гана маалыматтары соңку бир жылда камалгандардын саны кандай өзгөргөнүн билүү үчүн жетиштүү болду. 2023-жылдын башталышына карата абактагылардын саны 17 миңге азайды (бул бүткүл өлкөдөгү бир жыл ичинде болгон кыскаруунун жарымынан көбүн түзөт).

Түрмөдөн “жоголгондордун” көпчүлүгү Самара аймагына туура келет: 2022-жылдын башында бул аймактагы колонияларда 10,2 миң адам болсо, ал эми 2023-жылдын башында 7,5 миң гана адам калган. Мындай төмөндөөнү тарыхый жагдай менен түшүндүрүүгө болбойт, анткени 2021-жылы чөлкөмдөгү эркинен ажыратылгандар саны, тескерисинче, 300дөн ашык адамга көбөйгөн эле.

Миңден ашык адам Челябинск (1574) жана Киров (1153) аймактарында, ошондой эле Татарстанда (1040) да “жоголуп" кеткен.

Биз чогулткан бул маалыматтар толук эмес – башка региондордогу кырдаал бөлөкчө болушу мүмкүн. Мындан тышкары, бул көрсөткүчтөргө ФЖАК тутумундагы камалгандардын ары-бери которуштурулуусу да кошулуп калышы мүмкүн. Мисалы, украин туткундарды жайгаштыруу үчүн айрым колонияларды бошотушат.

Смоленск облусундагы жана Крымдагы абактагылар саны (эркинен ажыратылгандар) кандайча өскөндүгүн биз түшүнө алган жокпуз: бул жерде жаңыдан курулган колониялар жөнүндө эч кандай кабар жарыяланган эмес. ФЖАКтын аймактык бөлүмдөрүнө "Медиазона" кабарчысы телефон чалганда, эч ким жооп берген жок.

Абактагылар эмне дейт?

ФЖАК статистикасынын колонияны жалдоо маалыматтары менен кандай байланышы бар экендигин билүү үчүн "Медиазона" бир нече региондордогу эркинен ажыратылган кишилер менен кабарлашып көрдү.

Тула аймагындагы колониялардын бириндеги маектешибиз “Медиазонага” билдиргендей, бул жактагы колониялардан миңге жакын адам согушка алып кетилген: бул санды бизге ФЖАК кызматкери айтышкан дешет алар. Муну статистика да тастыктайт: 2022-жылдын башында Тула аймагынын колонияларында 6,4 миң адам, ал эми 2023-жылдын башында 5,5 миң адам кармалып турган (875ке азайган).

Андан тышкары, бир нече региондордо ФЖАК жарыялаган сандар камактагылар айтканына дал келбейт. Мисалы, Красноярск аймагындагы түрмө мекемеси жыл ичинде камактагылардын саны дээрлик өзгөргөн жок (54 гана кишиге кемиген) деп билдирди. Бирок катары менен бир нече булактан бул аймакта согушка жалдоочулар катуу иштеп жатканын билдиришти. Мисалы, мурдагы саясий туткун Иван Асташин Норильскидеги 15-түзөтүү колониясынан 270 киши согушка кеткенин жазган.

Ярославль аймагындагы көптөгөн ФЖАКтардын маалыматынан да өзгөчө өзгөрүүлөр байкалбайт (–148), бирок бул жактан да согушка алып кетүү иши катуу жүргүзүлгөн. Ошентип, бир маалымат булагы “Медиазона” компаниясына “Вагнер” ЖАКы менен биринчи жолугушуу учурунда Яросладагы 2-түзөтүү колониясынан 110 киши, кийинкилеринде (Коргоо министрлигинин да катышуусу менен) дагы 80ге жакын киши согушка катышууга макул болгонун маалымдады.

Быйыл февраль айынын башында “Вагнер” ЖАКынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин мындан ары камактагылар жалданбайт деп билдирди. Анын айтымында, бул иш менен эми Коргоо министрлиги алектенет. "Медиазонанын" маалыматына ылайык, согушка тартуу иши чындыгында эле улантылууда – муну "Түрмөдөгү Рустун" маалымат булактары да тастыктап келет. Бирок соттолгондордун канчасы акыркы эки айда согушка алып кетилгенин азырынча тактоо мүмкүн эмес.

"Медиазона” ФЖАКка маалымат сурап кайрылды эле, бирок жооп келген жок.

Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG