Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:49

"Согушка чакыргандар бар экен". Орус абагына түшкөндөрдүн жакындары бийликке кайрылды


26-апрелде Бишкектин "Эмен" багында чогулгандар.
26-апрелде Бишкектин "Эмен" багында чогулгандар.

Орусиянын абактарында отурган жарандардын жакындары бийликке 26-апрелде кайрылып, Украинадагы согушка мажбурлоо көбөйгөндүктөн, эркинен ажыратылгандарды өз мекенине экстрадициялоону тездетүүнү суранышты.

Азыркы тапта Кыргызстандын миңден ашуун жараны орус абактарында жатат. Былтыр Орусия Украинага басып кирип, согуш башталгандан бери бир нече кыргыз жараны орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп, набыт болгону ырасталган. Алардын арасында абактан азгырылып кеткендер да бар.

Бишкектеги "Эмен" багына чогулган ата-энелер Орусиянын абактарында жаткан уул-кыздарын Кыргызстанга экстрадициялоону бийликтен өтүнүштү. 50дөн ашык ата-эненин арасында уул-кыздары менен бир-эки жылдан бери кабарлаша албай калгандар бар экен.

"Уулум согушка кетпесе экен деп корком"

Беш баланын энеси Махабат Таиеванын 26 жаштагы тун уулу эки жыл Орусиянын Москва шаарында мекенине келип кетип, такси кызматында иштеп жүргөн. Соңку жолу Москвага 2021-жылдын октябрь айында барган. Төрт ай иштегенден кийин достору аны Волгоград шаарында жакшы жумуш бар деп үгүттөп алып кеткен. Барган жеринде курьердик кызматка орношуп, анда болгону бир күн иштегенге жетишкен. 31-январда полиция аны баңгизат ташууга шектүү деп кармап кеткенин энеси айтып берди.

Махабат Таиева
Махабат Таиева

"Тун уулумдан кийинкиси да Москвада миграцияда эле. Ал агасы жоголгондон кийин издеп, үч күндөн кийин досторунан камалып кеткенин уккан. Уулум айдаган таксиден баңгизат табылган имиш, мен чын-төгүнүн анык билбейм, себеби өзү менен сүйлөшө элекмин. Ортончу уулум байланышып аткан, ал Кыргызстанга кайтып келгенден бери кабар жок. Балам кармалгандан кийин атабыздын көзү өтүп кетти, кабарды кат аркылуу угуздук. Экинчи катта абалы жакшы экенин жазыптыр. Азыр байланыш үзүлдү, ал кантип, кандай шартта кармалып жатат белгисиз. Мени ойлондурганы - Украинага алып кетпесе экен. Бул жерде бүгүн чогулган ата-энелер да тынчтыкты тиленип турат. Эркиндикти самаган балдар жаштыгы менен "макул" деген бойдон Украинадагы согушка кетип калбаса экен деп коркобуз. Алар ушундай азапты көрүп жаткыча кетип калалы деп ойлонушу мүмкүн".

Гүлбүбү аттуу жарандын 25 жаштагы жалгыз уулу Орусияда баңгизат ташууга айыпталып, быйыл январда алты жарым жылга соттолуп кеткен. Ал буга чейин энеси менен байланышканда, абактагыларды Украинадагы согушка чакыргандар келип жатканын билдирген.

"Ал мага согушка барарын айткан жок. Бирок экстрадициялоо тууралуу биздин кайрылуубуздун жыйынтыгын абдан күтүп, "документим келсе көрөлүчү" деп атат. Балким терс жооп келсе, кетип калабы деп жүрөгүм титиреп кетет. Караганым эле интернеттеги жаңылыктар. "Украинадагы согушка кыргыз катышты" дегенди уксам абдан жаман болом, бул тема мен үчүн оор жана жүрөк өйүткөн көйгөйгө айланды. Жолдошум 2012-жылы, дагы бир уулум 16 жашында 2011-жылы каза болуп калган. Менин карманганым да, караганым да камакта отурган ушул уулум. Ал жанында отурган тажик, өзбек улутундагы балдар согушка макулдугун берип кетип атканын айтып берип калат. Мен сүйлөшкөн сайын "Украинага кетип калба, мени ыйлата көрбө" деп ыйлайм. 16-мартта да кыргыздын күч органдары Орусияга экстрадиция тууралуу сүйлөшүүгө барары айтылган. Ошол сүйлөшүүлөрдөн үмүтүм чоң болуп турат".

Экстрадиция маселеси парламентте көтөрүлөт

Жакындары "куру доомат" менен кесилип кеткенин айткандар мамлекеттик органдардын эшигин каккылап жүргөнүн билдиришти. Экстрадицияга уруксат берилген учурда анын чыгымын төлөй албай калгандар бар экенин айтышты. "Эмен" багына алар менен жолугушууга парламент депутаты Жанарбек Акаев келди.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

"Ансыз да кыйналып, азап тартып турган ата-энелерди кыйнаган болбойт. Камактагы бир кыргыз жаранын алып келиш үчүн төрттөн-бештен конвой жөнөтүп, алардын чыгымдарын кошо көтөртүп атышат. Бул маселени парламентте көтөрүп, чоң талкуу болот. Эң башкысы Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кынтыксыз жана тез иш алып барып, сот дагы туура чечим чыгарышы зарыл. Болбосо сотторго экстрадиция тууралуу документ келгенде чечимдер процедураларга дал келбей калып атат. Ал эми саясий жагын караганда, жакында президент Жапаров Орусияга барат, Жогорку Кеңештин төрагасы да Москвада жүрөт ушул тапта. Алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселеге кайрылат деп ишенем. Төрагага мен бүгүн байланышып, маселени айттым".

Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстандын минден ашуун жараны Орусиянын абактарында. Быйыл үч айда 15 жаран экстрадицияланган. Дагы 25 кишини алып келүү аягына чыгып калды. Ошондой эле Орусиядан 72 материал келген. Мындай жыйынтыктар 16-мартта Орусияда болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилгенин башкы прокурор Курманкул Зулушев 13-апрелде парламентте баяндама жасап жатып айткан.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

"Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду мындан аркы жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндөгү Конвенциянын талаптарына ылайык, соттолгон адамды которуу үчүн анын жазуу жүзүндөгү арызынын жоктугу негизги тосколдуктарды жаратууда. Биздин элчилик Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын түзөтүү мекемелериндеги ар бир кыргызстандык менен тийиштүү түшүндүрүү жана арыздарын алуу иштери жүргүзүлүүдө".

Кыргызстандын сот органдарынын кемчилигиби?

Мигранттарга укуктук жардам көрсөтүп, сотто котормочу болуп жүргөн Салтанат Митиеванын айтымында, соңку айларда Орусия бир топ арызды канааттандырган эмес.

Салтанат Митиева
Салтанат Митиева

"Соттун өкүмү чыгып, кармалган кыргыз жараны "күнөөлүү" деп табылгандан кийин аны экстрадициялоону суранган документтер топтоло баштайт. Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматы топтолгон документтерди Юстиция министрлигине жөнөтүп, алар аны Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жиберет. Алар Жогорку сотко сунуштама берип, чыккан чечим кайра Орусиянын Юстиция министрлигине, жазаларды аткаруу кызматына жөнөтүлөт. Юстиция министрлиги Кыргызстанга "жараныңарды кабыл алууга макулсуңарбы деген кат жөнөтүп, ага макулдук алгандан кийин кыргыз жараны жазасын өтөп жаткан аймакта сот болуп, экстрадициялоого макул экенин же макул эместигин билдирген соңку чечимди Орусиянын соттору чыгарат. Ал чечим кайра ушул мекемелердин баарын айланып чыгат. Бул процедуралардын баары кем дегенде жарым жылдык убакытты талап кылат. Биздин соттор Орусиянын соту чыгарган чечимге ылайык чечим чыгарбай койгондуктан маселе жаралып атат. Мисалы, "катаал режимде камакта болсун" деп орус соту чыгарган чечимди кыргыз судьялары "Кыргызстанга кайтканда жалпы режимде жаза мөөнөтү улантылсын" деп коет. Ошондуктан экстрадициялоого макул болбой койгон учурлар көбөйдү".

"Эмен" багында чогулгандар президент Садыр Жапаровдун өзүнө кат жүзүндө кайрылмай болушту.

Орусияда "Вагнер" менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды да согушка жалдап келет.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG