Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

"Бул биздин согуш эмес". Астана "Вагнерге" кошулган жарандарын соттойт


Маргулан Бекеновдун паспорту
Маргулан Бекеновдун паспорту

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусияда "Вагнер" компаниясынын катарына кошулуп кеткен жаран макенинде сот жообуна тартыларын эскертти. Ал арада Томскиде окуп жүрүп Украинадагы согушка жалданып кеткен Маргулан Бекеновдун үй-бүлөсү аны издөөнү улантып жатат.

Жакындары 23 жаштагы студентти "вагнерчилер" уурдап кеткен деген ойдо

Казакстан орусиялык "Вагнер" аскердик менчик компанияга кошулуп кеткен студентти өлкөгө кайтарууга көмөктөшөт.

Бул тууралуу 24-апрелдеги брифингде Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Муну менен катар дипломат мекенинде ал тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эске салды. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн КазТАГ баштаган расмий маалымат агенттиктери кабарлашты.

Айбек Смадияров 17-апрелдеги брифингде.
Айбек Смадияров 17-апрелдеги брифингде.

"Аларга кошулууга ниеттенгендерге, ошондой ою бар жарандарга беш жылдан тогуз жылга чейин кесилиши мүмкүн экенин, андай иштер үчүн Казакстанда сот жообуна тартуу каралганын эскертебиз. Ал жакта алар элестетип алгандай эч кандай романтика жок. Бул силердин согушуңар эмес, абайлагыла, жакындарыңарды ойлогула", - деп билдирди Смадияров.

Буга чейин кошуна өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети Бекеновдун үстүнөн чет жактагы куралдуу жаңжалга катышуу беренеси менен кылмыш ишин козгогону белгилүү болгонун "Азаттыктын" казак редакциясы маалымдаган.

Ал арада Маргулан Бекеновдун ата-энеси аны таап, үйүнө кайтаруу аракетин улантууда.

"Мартта анын Томскиде эмес, Краснодар крайында жүргөнүнө катуу таң калганбыз. Сүйлөшкөн кызына барган имиш, ал кызды эч кимибиз тааныбайбыз. Териштирип отуруп, аны белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, "Вагнер" тобуна кошконун билдик. Мен суранып жатып уулум менен Молькино деген айылда жолугуша алдым. Ал жерде кадам сайын "вагнерчилердин" жарнамалары илинип турат. Балам менен жакшы сүйлөштүрүшкөн жок, аябай жүдөп калыптыр, эч кандай келишимге кол койбогонун ырастады”, - деп баяндап берген Сибирь. Реалии радиосуна апасы Альмира Бекенова.

Көп узабай студент "вагнерчилерге" өз ыктыяры менен жалданганын айткан видео тарады.

Маргулан Бекенов видеодо
Маргулан Бекенов видеодо

"Өзүмдү жакшы сезип турам. Жамаат мыкты экен. Мен өзүмдү таптым, мага бул жер жагат. Эмоционалдык жактан бардыгы жайында. Мени эч ким уурдабаганын кайталайм".

Бул видео качан жана кандай жагдайда жаздырылганы белгисиз. Маргуландын үй-бүлөсү аны бул сөздөрдү күчкө салып айттырышкан деп ишенет.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров Бекеновду күчтөп видео жаздырышкан деген ырастоолорду комментарийледи.

"Мен аны айта албайм. Бирок уурдап кетип, күчкө салса, логикага таянсак, энеси менен жолугуша албайт болчу. Кездешүү болуптур, энеси менен сүйлөшүптүр, калганын өзүңөр баамдагыла", - деп жооп берди.

Томскидеги мамлекеттик университеттин өкүлү Татьяна Арсеньеванын айтымында, Маргулан окуу жайдан чыгарылган. Бирок ал окуусун качан токтоткону тууралуу суроого жооп берген жок.

"Вагнерчилер" арасында Казакстандын канча жараны согушуп жүргөнү беймаалым. 16-апрелде өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети Орусиянын Украинага каршы согушуна катышуу фактысы боюнча 10 кылмыш иш тергелип жатканын билдирген. Ошол эле маалда кылмыш иштери ким тарапта согушкандардын үстүнөн козголгону белгисиз.

"Азаттыктын" казак редакциясы "вагнерчилердин" катарына жалдангандар, ошондой эле Украинанын куралдуу күчтөрүндө согушкан бир жаран тууралуу буга чейин жазган.

Эксперт Амангелды Курмет Орусия тарапка кошулган казакстандыктар андай ишке пропагандага сугарылганы үчүн барууда деп эсептейт.

"Орусия менен чек аралаш аймактарда казакстандык контент жок 600 миң спутник табакчасы бар экен. Эми ойлосоңор, ошол 600 миң табакча аркылуу жалаң Орусияда даярдалган берүүлөрдү көрүшөт. Үч кишилик үй-бүлө болсо 1 миллион 800 миң, беш кишиден турса, 3 миллион адам Казакстандагы окуялардан, Казакстан саясатынан кабарсыз отурат. Орусиянын каналдарын көрсөңөр, шумдук, акылга сыйбаган, кабыл алынгыс пропаганда жайылып жатат. Ушунун бары бизге таасир этүүдө".

Ал эми Маргуландын жакындары Орусиянын жана Казакстандын аскердик прокуратураларына, Ички иштер жана Коргоо министрликтерине жазган каттарынан майнап чыкпаганын айтышат.

"Вагнер" тобунун катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар.

Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG