Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:36

"Вагнердин" туткунуна түшкөн Маргулан. Казак студенттин окуясы


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Орусияда окуган казакстандык студенттин жакындары аны "вагнерчилер" өз катарына күчтөп жалдап, Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн айтып чыкты. Алар Казакстандын жана Орусиянын аскер прокуратураларына, Ички иштер министрликтерине кайрылганы менен жооп ала элек.

16-апрелде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Орусиянын Украинага каршы согушуна катышуу фактысы боюнча 10 кылмыш иш тергелип жатканын билдирген.

Томскидеги мамлекеттик университеттин студенти, Казакстан жараны Маргулан Бекеновду 12-апрелде согуш жүрүп жаткан аймакка жиберишти. Бул тууралуу анын туугандары берген маалыматка таянуу менен "Сибирь.Реалии" сайты жазды.

"Мартта анын Томскиде эмес, Краснодар крайында жүргөнүнө катуу таң калып калганбыз. Сүйлөшкөн кызына барган имиш, ал кызды эч кимибиз тааныбайбыз. Териштирип отуруп, аны белгисиз бирөөлөр иш жүзүндө уурдап кетип, "Вагнер" тобуна жалдашканын билдик. Мен суранып жатып уулум менен Молькино деген айылда жолугуша алдым. Ал жерде кадам сайын "вагнерчилердин" жарнамалары илинип турат. Балам менен жакшы сүйлөштүрүшкөн жок, аябай жүдөп калыптыр, эч кандай келишимге кол койбогонун ырастады”,- деп баяндап берди апасы Альмира Бекенова.

Дагы бир жакыны Дулат Бекенов 9-апрелде энеси менен кездешкенде Маргулан “тамак-аш, акча” сураганын, “чаалыгып-чарчаган, эптеп-септеп кийинип жүргөнүн” Ratel басылмасына айтып берди. Анын айтымында, энеси уулун араң тааныган.

“Аны машинага отургузуп бат эле алып кетип калышты. Күчтөп кармап жатышканы даана байкалды. Кое беришпегенин себебин биле алган жокпуз. Альмира Маргуландын командири казакстандык экенин биле алган”, - деп кеп салды Дулат Бекенов.

"Вагнердин" борбору. Петербург
"Вагнердин" борбору. Петербург

Бекеновдор Казакстан жаранын күчтөп кармап жатышканы тууралуу эки өлкөнүн аскер прокуратураларына, Ички иштер министрликтерине, президенттерге кайрылганын, бирок расмий каттарга жооп алышпаганын айтышты.

Ratel сайты Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен жана Москвадагы элчиликтен келген каттардын сүрөттөрүн басып чыгарды. Анда Маргулан изделип жатканы тууралуу кайрылуу Орусиянын тышкы мекемесине жөнөтүлгөнү маалымдалган. Бекеновдор муну "жооп бердик" деп айтыш үчүн шилтей калган кат деп эсептешет. Студенттин апасы “жооп издеп, Орусияда жүрүүгө аргасыз” экенин айтат.

Орусиялык расмий эмес аскердик "Вагнер" тобунун катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Маалыматтарга караганда, алар негизинен абактарда отургандарды жалдап кетет.

16-апрелде Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Орусиянын Украинага каршы согушуна катышуу фактысы боюнча 10 кылмыш иш тергелип жатканын билдирген.

Мекеме мындай маалыматты "Курсив" жана КазТаг басылмаларына жооп иретинде таратты. Комитет урушка катышкандар 5-9 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал деген эскертүү менен гана чектелди.

Кылмыш иштери ким тарапта согушкандардын үстүнөн козголгону белгисиз.

"Азаттыктын" казак редакциясы "вагнерчилердин" катарына жалдангандар, ошондой эле Украинанын куралдуу күчтөрүндө согушкан бир жаран тууралуу буга чейин жазган.

"Новая газетанын" Казакстандагы кабарчысы Вячеслав Половинко "Радио Свобода" менен маектешүүдө ал өлкөдө согушка жалдануу темасы маалымат мейкиндигинде анча козголбогонун белгиледи.

Вячеслав Половинко
Вячеслав Половинко

"Казакстан адилеттүүлүк жагынан алып караганда, ал киши жарык тарапта же караңгы тарапта согушуп атат деп бөлбөйт. Казакстандын күч түзүмдөрүнүн көз карашынан алганда, өлкө жараны кайсы тарапта согушпасын, ал мекенине кайтып келгенде сөзсүз жооп бериши керек. Бийлик дагы ушундай турумда: биз эч кимге тийбейбиз, көп векторлуу саясат жүргүзөбүз, тигилер менен да, булар менен да доспуз, аймактык бүтүндүктү жактайбыз, ошол эле учурда эч жакка кийлигишпөөнү, сабырдуулукту сактоону суранабыз. Согушка барсаңар, бул үчүн кылмыш жазасына тартыласыңар деген ойду анча кабыл алышпайт".

Астана согуш үчүн Москваны сындабай, БУУдагы добуш берүүлөрдө калыс калып жүрсө дагы президент Касым-Жомарт Токаев тараптарды сүйлөшүүлөргө чакырган. Андан кийин казак бийлиги Украинанын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жактаган билдирүү жасаган. Токаев анын өлкөсү орусиячыл жикчилдер өздөрүн “Донецк элдик республикасы” (ДНР) жана “Луганск элдик республикасы” (ЛНР) деп атаган түзүмдөрдүн көз карандысыздыгын тааныбай турганын айткан.

Астана ошондой эле Москва “атайын операция” деп атаганына карабай согуш деп эле атап, Батыш Орусияга салган санкциялар сакталарына убада кылган. Ошондой эле казактар Украинага гуманитардык жардам берип келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG