Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Иркутскиде "вагнерчилер" көмүлгөн жаңы жай табылды


 Иркутск шаарынын жанындагы Александров көрүстөнүнүн бир бурчунда 53 "вагнерчи" жерге берилген.
Иркутск шаарынын жанындагы Александров көрүстөнүнүн бир бурчунда 53 "вагнерчи" жерге берилген.

Орусиянын Иркутск шаарынын жанында Украинадагы согушта мерт болгон аскерлердин жана "Вагнер" жеке аскердик компаниясы жалдаган кишилердин сөөгү көмүлгөн эки жаңы жай табылды.

Бул тууралуу "Байкал адамдары" басылмасы жазды. Эки жай тең шаардан 11 чакырым алыс Александров көрүстөнүндө жайгашкан.

Журналисттердин ырасташынча, ал жердеги "Баатырлар аллеясында" 13 адамдын сөөгү жашырылган. Ал эми көрүстөндүн борборунан алыс бир бурчунда 53 "вагнерчи" жерге берилген.

Аталган басылманын маалыматына караганда, бул көрүстөндөн анча алыс эмес жердеги токойдун бир бөлүгү былтыр сентябрь-октябрь айлары кыйылып, жай казууга даярдалган жана бул тууралуу өткөн айда белгилүү болгон.

Журналисттер бул жерде сөөгү көмүлгөн 43 "вагнерчи" буга чейин соттолуп, абакта отурган 20 жаштан 62 жашка чейинки адамдар экенин, теңине жакыны Иркутск облусунун тургундары болгонун аныкташкан.

"Вагнер" компаниясы согушка абакта отургандарды тартып жаткандыктан Кыргызстанда орус түрмөлөрүндө отурган кыргыз жарандарын экстрадициялоо маселеси бир канча жолу көтөрүлгөн.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып быйылкы жылдын үч айында Орусиядагы абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 15 адам Кыргызстанга экстрадицияланганын маалымдаган.

Ушул тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашык кыргыз жараны камакта жатат. Орусияда "Вагнер" менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды да согушка жалдап келет.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG