Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:47

Баткен: чек арадагы тургундардын курал алышынын жол-жобосу такталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы чек арадагы аймактарда жашаган тургундардын сайлуу аңчылык курал сатып алышынын жол-жобосун тактаган тескеме чыгарды.

"2023-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында туруктуу жашаган жарандарга менчигинде 6 жылдан кем эмес мөөнөттө ок атуучу аңчылык сайсыз куралдын болуусун талап кылбастан, сайлуу аңчылык куралды сатып алууга уруксат берүү жүзөгө ашырылсын. Ички иштер министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл болгон чараларды көрсүн", - деп жазылган анда.

Былтыр октябрда Жогорку Кеңеш чек арада жашагандардын курал алып жүргөнүн тактаган мыйзам долбоорду дароо үч окууда кабыл алган.

Анын алдында, июнда парламент "Чек арадагы ыйгарым укуктуулар жөнүндө” мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Документке ылайык, "ыйгарым укуктуу жарандарды" жылына эки жолудан кем эмес атайын окуудан, аскердик даярдыктан өткөрүү жана курал берүү каралган. Мындан сырткары алардын өмүрүн, саламаттыгын камсыздоого мамлекеттик кепилдик берилет.

"Чек арадагы ыйгарым укуктуулар жөнүндө" мыйзамы 2015-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоого чек ара аймактарында жашаган жарандар тартылып, аларга "Чек арадагы ыйгарым укуктуулар" деген макам берилет.

Бүгүнкү күндө чек арада жалпы 140 ыйгарым укуктуу жаран кызмат кылат. Беш жыл аралыгында алардын арасынан жараат алгандар, же жабыркагандар болгон эмес. Азыр мындай жарандарга 14 миң сомго жакын айлык төлөнөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG