Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Орусия: армияга электрондук чакыруу жөнөтүү ушул жаздан башталат


Аскерге чакырылган уландар. Орусия.
Аскерге чакырылган уландар. Орусия.

Орусияда 1-апрелден тартып башталган армияга жазгы чакырууда электрондук ыкма колдонулат. Бул тууралуу Москванын аскер комиссары Максим Локтев билдирди. Анын сөзүнө караганда, чакыруу "тест режиминде" жүргүзүлөт. Ал бул саамалык Москвада эле колдонулабы же башка аймактарга дагы таратылабы дегенди тактаган жок. Локтев чакыруу "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталы, телефон жана СМС аркылуу жөнөтүлөрүн белгиледи.

Мунун алдында Мамлекеттик Думанын депутаты Андрей Картаполов электрондук жол быйылкы жазгы чакырууда колдонулбай турганын айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин 14-апрелде жарандарды аскерге электрондук түрдө чакыртууга жол берген мыйзамга кол койду. Мыйзамды апта башында Мамлекеттик Дума жана Федерация кеңеши дээрлик бир добуштан колдоп берген.

Адистер буга чейин жаңы эрежелер орус жарандыгын алган мигранттарга да түздөн-түз таасир этерин эскерткен.

Жаңы мыйзам аскерге барууга милдеттүүлөрдүн реестрин түзүүгө жана аскерге жаңы ыкмалар менен чакырууга жол ачат. Мындай учурда повестка буюртма кат же "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталы аркылуу электрондук түрдө, же Көп функционалдуу борборлор аркылуу келет. Буга чейин аскерге чакыруу жарандын өз колуна тапшырылчу же жумуш берүүчү тарабынан берилчү.

Аскерге милдеттүүлөрдүн реестрин аскер комиссариаттары түзөт. Ал жерде аскерге милдеттүү жаран тууралуу бардык маалыматтар камтылат. Реестрдеги маалымат медициналык уюмдарга, окуу жайларга, салык кызматына, күч кызматтарына жана башка тиешелүү мекемелерге берилет.

Жаңы мыйзамга ылайык аскерге чакыруу анын көчүрмөсү "Мамлекеттик кызмат" көрсөтүү порталындагы "жеке кабинетке" жайгаштырылган күндөн тартып тапшырылды деп эсептелет. Мындан кийин аскерге милдеттүү жаран аскер комиссариатына келмейинче ага өлкөдөн чыгууга болбойт.

Чакыруу тапшырылгандан кийин 20 күн ичинде комиссариатка келбеген жаранга кошумча чектөөлөр иштейт: ал жеке ишкер катары каттоого туруу, үй-мүлкүн каттатуу, автомобиль айдоо, насыя алуу укугун колдоно албайт.

Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мурдараак журналисттерге бул мыйзам долбоору аскерге чакырууну тартипке салууну гана көздөй турганын, элди дүрбөлөңгө салбоого жана эмиграциянын жаңы толкунун жаратпоого тийиш экенин айткан.

Айрым эксперттер аскерге электрондук чакыруу мыйзамы менен орус президенти Владимир Путин согушту узартууну - жаңы аймактарды басып алууну эмес, мурда оккупацияланган аймактарды кармап калууну көздөп жатканын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG