Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

ИИМ соцтармакта кылмыш жөнүндө жалган маалымат таратпоого чакырды


ИИМдин имараты, архивдик сүрөт.
ИИМдин имараты, архивдик сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) социалдык тармактарда тарап жаткан, өспүрүм кыздын сабалганы тартылган видеого байланыштуу комментарий берди. Анда бул окуя Кыргызстанда эмес, башка мамлекетте болгону белгиленген.

"Акыркы мезгилде социалдык тармактарда жарандардын кылмыштары жөнүндө жалган маалымат тараткан учурлар көбөйүүдө. Тактап айтканда, социалдык тармактарда тараган видеодо жаш кыздын сабалып жатканы кызуу талкууга алынып, ар кандай пикир жаратууда. Жогорудагы окуя биздин өлкөдө эмес, башка мамлекеттин аймагында катталып, видеого тартылган. Жарандарды коомчулукту ызы-чууга салган ар кандай жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга жана расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырабыз. Мыйзамды билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт!", - деп жазылган маалыматта.

ИИМ кылмыш жөнүндө атайлап жалган маалымат тараткандар Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренесине (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) ылайык жоопкерчикке тартыларын эскертти. Кандайдыр бир фактылар болсо 102 телефонуна чалып, ички иштер органдарына билдирүүгө чакырды.

Мунун алдында соцтармактарда атасы атайын кызматта, апасы мугалим болуп иштеген кыз классташын сабап жатат деп жазылган видео тарап, талкуу жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG