Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Путин Кремлде Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу менен жолукту


Владимир Путин менен Ли Шанфунун жолугушуусуна Сергей Шойгу дагы катышты.
Владимир Путин менен Ли Шанфунун жолугушуусуна Сергей Шойгу дагы катышты.

Орусиянын президенти Владимир Путин 16-апрелде Москвада Кытайдын коргоо министри Ли Шанфу менен жолукту. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул кытай министринин кызматка киришкенден берки чет өлкөдөгү алгачкы сапары. Буга чейин Шанфунун Орусиядагы сапары 16-18-апрель күндөрү болору маалымдалган. Анын Путин менен жолугушары алдын ала айтылган эмес, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен кездешери кабарланган. Шойгу Кремлде Путин менен Шанфунун жолугушуусуна катышты.

Путин өз сөзүндө Москва менен Бээжиндин аскердик тармактагы алака-катышын "ийгиликтүү жана көп пландуу" деп сыпаттады. Эки өлкөнүн аскердик мекемелери такай маалымат алмашып, биргелешкен машыгууларды өткөрүп турарына токтолду. Шанфу Кытайдын лидери Си Цзинпиндин Кытай менен Орусиянын мамилеси "кансыз согуш убагындагы аскердик-саясий өнөктөштөрдөн дагы ашат" деген сөзүн кайталады, бул кызматташтык башка мамлекеттерге каршы багытталбаганын белгиледи.

Жолугушууда кайсы маселелер талкууланганы тууралуу маалымат берилген жок.

Си Цзинпин өткөн айда Орусияда үч күндүк мамлекеттик сапар менен болгон. Анын алкагында Бээжин менен Москва стратегиялык кызматташтыкка байланыштуу бир катар документтерге кол коюшкан. Кытайдын төрагасы Украинадагы согуш тууралуу сүйлөгөндө Бээжин жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүнү колдой турганын айткан. Путин Кытайдын "тынчтык планынын" бир топ бөлүгү ынандырарын белгилеген.

Бээжин Москваны курал-жарак менен камсыздайт деген кооптонуу чоң болгондуктан, Батыш, анын ичинен АКШ Украинада уруш уланып жатканда Си менен Путиндин жолугушуусуна тыкыр көз салып турган.

Вашингтон Кытайдын лидерин Кремлде Путинди Украинанын эгемендигин урматтап, урушту аяктоого чакырууга үндөгөн.

Быйыл февралда Бээжин 12 пункттан турган "тынчтык формуласын" сунуш кылгандан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайдын лидери менен бетме-бет сүйлөшүүгө кызыкдар экенин айткан.

XS
SM
MD
LG