Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Украина менен Орусия туткун алмашты


Мекенине кайткан украиналык жоокерлер.
Мекенине кайткан украиналык жоокерлер.

Православ христиандарынын Пасха майрамына карата Украина менен Орусия ондогон туткундарды алмашты. Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак 16-апрелде Телеграмга жазгандай, туткун алмашуунун натыйжасында 130 украиналык жаран мекенине кайтты. Ермак Украина канча орусиялык туткунду бошотконун тактаган жок.

Пасха майрамындагы туткун алмашуу тууралуу орус бийлиги маалымат бере элек. Бирок Орусиянын "Вагнер" жалданма күчтөрүнүн башчысы Евгений Пригожиндин туткундарды Украина тарапка өткөрүп берүүнү тапшырып жатканы тартылган видео интернетке жарыяланды.

Орусия менен Украина былтыр 24-февралда башталган согушта туткунга түшкөн жарандарын утур-утур алмашып келет. 10-апрелде Киев 106 орусиялыкты 100 украин жаранына алмашкан.

Эки өлкө үчүн маанилүү майрамга карабастан Украинада кармаш жана адам өмүрүн алган чабуулдар токтогон жок. Жекшембиге караган түнү орусиялык күчтөр Украинанын Запорожье жана Николаев облустарына сокку урду. Николаевдеги аткылоодон 2005-жылы туулган эки бала набыт болгонун облустун башчысы Виталий Ким билдирди.

Запорожьенин аскердик жетекчилиги билдиргендей, Камышеваха конушундагы "ири чабуулдан" жергиликтүү чиркөө зыянга учурады.

Украин армиясы соңку бир сутканын ичинде Донецк облусундагы Бахмут шаарынын айланасында орус күчтөрүнүн 60тан ашуун чабуулу катталганын билдирди. Орус армиясы жайкын тургундарга сокку урганын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG