Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Украина: Николаевдеги аткылоо эки адамдын өмүрүн алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жекшембиге караган түнү орусиялык күчтөр Украинанын Запорожье жана Николаев облустарына сокку урду. Николаевдеги аткылоодон 2005-жылы туулган эки бала набыт болгонун облустун башчысы Виталий Ким билдирди. Анын айтымында, аткылоодон Снигирёвка шаарындагы турак үйлөр, оорукана жана маданият үйү зыян тарткан. Ким соккулар С-300 зениттик-ракеталык системасынан урулганын айтты.

Запорожьедеги Камышаваха айылындагы аткылоодо чиркөө жабыр таркан. Сокку урулган учурда имараттын ичинде эч ким болгон эмес. Запорожье шаарында болсо жашыл аймактар аткыланган. Жергиликтүү администрациянын башчысы Юрий Малашко жардырылган аймактагы зыяндын көлөмү такталып жатканын айтты.

Өзүн “ДЭР” деп атап алган аймактын башчысынын милдетин аткаруучу Денис Пушилин Донецк украин тараптан аткыланганын билдирди. Анын айтымына караганда, алты адам жараат алып, бир аял каза болгон. Украин тарап бул билдирүүгө жооп бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG