Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Ашыкча жүгү бар машиналарга бир күндө 546 миң сом айып пул салынды


Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөт.
Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөт.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 15-мартта кан жолдордогу салмак-габариттик көзөмөл бекеттерин күтүүсүз текшерди. Бул тууралуу министр Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Бишкек-Ош жолундагы Жаңы-Арык бекетинде айдоочулар таразадан өтүүдөн качып жасалма тыгын уюштурганын, тартип бузгандарга мыйзам чегинде чара көрүлгөнүн билдирди.

"Бир күндө бир эле салмак-габаритти көзөмөлдөө бекетинен жолдорду талкалоого себеп болгон жүк ташуучу машиналардын ээлерине 546 324 миң сом айып пул салынды. Тараза койгонубуздун негизги максаты - элден акча чогултуу эмес. Эл үчүн салынган жолдордун талкаланышына жол бербөө. Тилекке каршы, кечээ керт баштарын ойлогон айрым айдоочулар таразадан өткүсү келбей, атайын жасалма тыгын уюштурган. Тагыраагы, Жаңы-Арык бекетинен өтүү үчүн кезекте турган автоунаалар арасында жасалма тыгын жасашкан. Тартипти бузган, мыйзамга баш ийбеген айдоочуларга карата УКМК, милиция менен биргеликте мыйзам чегинде чаралар көрүлдү. Мыйзамга баш ийбөө менен өлкө казынасына миллиарддаган зыян кылып жатканыңыздарды түшүнүңүздөр, урматтуу айдоочулар! Элдин керектөөсүн талап кылган жолдорду жол кызматкерлери салып жетишпей жатса, салынган жолдор талкаланып жатса зээниң кейийт экен", - деп жазды Текебаев.

Буга чейин быйылкы жылдан тартып Кыргызстанда оор жүк ташуучу машиналарды көзөмөлдөө иши башынан аягына чейин автоматташтырылып, адамдык факторду толугу менен жоюу пландалып жатканы айтылган. Мындай бекеттердин кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалган учурлар болгон.

Кыргызстанда Кытайдан оор жүк ташыган машиналар жолдорду бузуп жатканы, буга алар ашыкча жүк жүктөп, нормаларды сактабай иштеп жүрүшкөнү, көзөмөлдөөчү кызматкерлер көз жууп, жемкорлук орногону айтылып келет.

XS
SM
MD
LG