Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Молдовадагы тополоң, Судандагы жаңжал: "Вагнердин" изи


Быйыл 9-мартта Кишинёвдо кармалган «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясынын жалданма жоочусунун телефонунан Молдованын чек ара кызматкерлери тапкан сүрөт.
Быйыл 9-мартта Кишинёвдо кармалган «Вагнер» жеке менчик аскердик компаниясынын жалданма жоочусунун телефонунан Молдованын чек ара кызматкерлери тапкан сүрөт.

2023-жылдын февраль айында Евгений Пригожиндин «Вагнер» менчик компаниясы Молдовада тополоңду пландаштырууга катышканы АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) интернетке чыгып кеткен жашыруун документинде камтылган.

Республиканын аймагында орусиячыл күчтөрдүн башаламандыкты даярдап жатканы жөнүндө Молдованын укук коргоо органдары эскертип келген. Март айынын башында алар Кишинёвдо «Вагнер» менчик аскердик компаниясынын мүчөсү болгон адамды кармашкан.

“Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы таанышкан документте Орусия көздөгөн ниетин Молдованын бийликтери ашкерелеп койгонуна карабастан, бул өлкөдөгү кырдаалды курчутуу аракетин уланта бергени айтылат. 2022-жылы ноябрда “Вашингтон Пост” гезити Орусиянын нааразылык акциялары аркылуу Молдовада кырдаалды "чалкеш" кылмакчы болгонун маалымдаган болчу.

2023-жылы 13-февралда Молдованын президенти Майя Санду республикада төңкөрүш жасоо аракетине бөгөт коюлганын жарыялады. Анын айтымында, төңкөрүш "конституциялык түзүмдү кулатууга умтулган, өзүн оппозиция деп атаган топтун нааразычылык акциясы" аркылуу ишке ашырылмак.

"Бул план боюнча Орусиянын, Черногориянын, Беларустун жана Сербиянын жарандары Молдовага кирип келип, мыйзамдуу өкмөттү Орусия Федерациясынын көзөмөлүндө турган мыйзамсыз өкмөткө алмаштырууга аракет кылары күтүлгөн", - деди Санду.

Бир нече күн мурун Украинанын президенти Владимир Зеленский Европа Кеңешиндеги сүйлөгөн сөзүндө ушундай планды узатылган жолунан кармап калдык деп айткан.

"Биздин чалгындоо кызматы Молдовадагы саясий кырдаалды курчутуу боюнча Орусиянын тыкыр планын кармап калууга жетишти. Бул документте кимдер, качан, кандай иш-аракеттер аркылуу Молдованын демократиялуу түзүмүн бузуп анын үстүнөн көзөмөл орнотууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн", - деди Украинанын президенти.

Молдованын бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Кишинёвдо нааразычылык акциясы учурунда өлкөнүн батышчыл өкмөтүнө каршы тополоң уюштуруу пландаштырылган. Бул иш-чаралар 12-мартта болгон.

«Азаттык» радиосунун молдаван кызматынын маалыматы боюнча, Орусияны жактаган оппозициячыл “Шор” партиясынын жана оппозициячыл “Эл үчүн кыймылдын” тарапкерлери өлкөнүн президентине каршы ураандарды кыйкырып, электр энергиясынын кымбатташына да каршы сүйлөшкөн. Митинг башталгандан бир саат өткөндөн кийин демонстранттар менен полициянын ортосунда кагылышуу болгону кабарланды. Полиция демонстранттардын Улуу Улуттук Жыйын башкы аянтында жайгашкан өкмөт үйүнө баруучу жолун бөгөп салган.

Оппозициянын нааразылык акциясы. Кишинев. 12-март, 2023-жыл.
Оппозициянын нааразылык акциясы. Кишинев. 12-март, 2023-жыл.

Нааразылык акциясынын катышуучулары тоскоолду жиреп өтүүгө аракет кылды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында полиция өкмөттүн имаратына “Шор” партиясынын үч депутатын киргизди. Алар нааразычылык акциясында кабыл алынган резолюцияны өкмөткө тапшырды. Андан кийин демонстрациянын катышуучулары таркап кетишти.

Пентагондун 28-февралдагы документинде айтылгандай, "Молдовага каршы кутумдун артында турган адамдардын жок дегенде айрымдары ушул багыттагы аракеттерди улантмакчы".

АКШнын коргоо мекемеси билдиргендей, "бүлгүн чараларынын" пландаштырылуусун Орусиянын Vegacy Strategic Services жеке аскердик компаниясынын башчысы жана "Вагнер” менен байланышкан топтун кызматкери тескеп турушкан (бул топ документте The Farm – “Ферма” деп аталган". АКШда, соттун документтеринде да Пригожиндин "Троллдор фабрикасын" ушундай аташат).


Vegacy жөнүндө, ошондой эле «Вагнер» тууралуу көп маалыматтар белгилүү. Conflict Intelligence Team (CIT) чалгын тобунун тергөөчүлөрү 2019-жылы аныктагандай, бул жеке аскердик компаниянын жалданма жоочулары Сириянын Алеппо шаарын курчоо учурунда орус аскерлери менен кызматташкан, үч жылдан кийин Сирияда президент Башар Асадды жактаган “Лива аль-Кудс" палестин диаспорасынын тобун машыктырган.

Бул машыгуулардан тартылган сүрөттөрдө жалданма кишилердин кийиминде Vega Strategic Services деп аталган тилке белги көктөлгөнү көрүнүп турат.

CIT (Conflict Intelligence Team) аныктагандай, ушул эле аталыштагы компания 2011-жылы апрелде Украинанын Николаев шаарында жана Орусия менен Украинанын эл аралык тандалма жана атайын бөлүктөрүнүн мурдагы мүчөлөрү тарабынан негизделген. Vega Strategic Services веб-сайтында баяндалгандай, ал кооптуу чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн адамдарга жана компанияларга коопсуздукту камсыздоо кызматтарын сунуш кылган жана деңиз кемелерин кайтаруу менен алектенген.

Компания түзүлгөндөн бир жыл өткөндөн кийин Кипрге көчүп барып, атын Vegasy Strategic Services Ltd деп өзгөрткөн. Ал 2012-жылдын июнь айында катталган да, 2018-жылдын май айында жоюлган (Кипрдеги компаниялар тизмесинде ушундай белгиленген). Ал кезде компаниянын жарымы Украинанын жараны Анатолий Смолин аттуу жаранга таандык болгон, ал анын башчысы болгон.

2022-жылы январда Vegacy мүчөлөрү Венесуэлада өлкөнүн президенти Николас Мадурону колдогон коопсуздук кызматынын кызматкерлерин окутушкан. Мадуронун легитимдүүлүгүн Венесуэланын парламенти жана дүйнөдөгү бир катар өлкөлөр, анын ичинде АКШ тааныбайт.

«Вагнер» да Сириядагы согушка активдүү катышып, Мадуро режимине жардам берүү үчүн жалданма аскерлерин Венесуэлага жиберип турган. Украинанын коопсуздук кызматы 2019-жылы Vega компаниясы чындыгында өз алдынча уюм эмес, «Вагнердин» иш-аракеттерин “калкалап турат" деп ырастаган. CIT тобунун иликтөөсүндө айтылгандай, “Веганын” жалданма жумушчуларынын бири Дмитрий Жиникашвили азыр Украинада согушуп жүрөт (анын “ВКонтакте” социалдык тармагындагы профилинде ушундай деп көрсөтүлгөн).

«​Веганын» жоочусу Дмитрий Жиникашвили. Сүрөт "ВКонтакте" социалдык тармагындагы профилден алынды.
«​Веганын» жоочусу Дмитрий Жиникашвили. Сүрөт "ВКонтакте" социалдык тармагындагы профилден алынды.

АКШнын Коргоо министрлигинин документинде айтылгандай, кутумдун уюштуруучулары 24-28-февралда Молдовада тополоңго катыша тургандарды Түркиядагы лагерде машыктырмакчы болушкан. Бирок "саякатка чектөө коюлганына" жана түрк атайын кызматтарынын "орусиялык эркектерди" аӊдыганына байланыштуу Орусиянын белгисиз жерине барып машыгууну өткөрүүгө аргасыз болушкан. Ошондой эле окуу мезгилин бир нече күндөн "бир же эки айга" чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Ачыкка чыгып кеткен маалыматка ылайык, машыгууга 150 киши катышмак. Аларга нааразычылык акцияларын кантип баштоо керектигин, Молдованын атайын кызматтары кандай иш-аракеттерге даяр болуп, митингди кууп-таратуу учурунда жабыр тарткандарга биринчи жардамды кантип көрсөтүүнү, колго түшкөндө өзүн кандай алып жүрүүнү үйрөтүү керек болгон.

9-мартта, оппозициянын Кишинёвдогу митингдеринен бир аз мурун, «Вагнердин» бир мүчөсү Молдованын борборунда кармалганын өлкөнүн чек ара полициясы билдирген. Кармалган адам учак менен Кишинёвго жеткирилип, аты аталбаган өлкөгө депортацияланган. Полиция анын «Вагнердин» символдору түшүрүлгөн татуировкасын, телефонундагы сүрөтүн жарыялаган. Ал сүрөттө аскер кийимчен бир нече киши турат, алардын биринин жеңинде Vegacy компаниясынын, экинчисинин төшүндө «Вагнердин» жалданмаларына сыйлык катары берилүүчү крест көрүнүп турат.

Молдованын полиция башчысы Виорел Чернэуцяну журналисттерге билдиргендей, кармалган адам Орусиянын жараны болгон:

"Анын максаты - Молдовада кырдаалды курчутууга ниеттенген адамдарды машыктыруу", - деген ал.

Молдованын жаңы өкмөтүнө каршы нааразычылык акциясында 50дөн ашык адам кармалган. Алардын жетөө тополоң уюштурган деген айып менен камакка алынган. Апрель айында аларды камакка алуу мөөнөтү дагы бир айга узартылган. Чернэуцяну айткандай, тополоңдун уюштуруучулары ар бири 10 кишиден турган 10 топту түзүшкөн, алар Орусиядан башкарылып турган – бул кабар АКШнын Коргоо министрлигинен интернетке чыгып кеткен документтеги маалыматтарга дал келет. Молдаван полиция жетекчисинин айтымында, жалдангандарга тополоң уюштурганы үчүн 10 миң доллардан төлөнөт деп убада берилген.

Пентагондон жашыруун маалыматты ачыкка чыгарган деген айып менен америкалык жоокер Жек Тейшейра кармалды. АКШнын Коргонуу министрлиги интернетке чыгып кеткен документтердин мазмуну боюнча түшүндүрмө бере элек.

"Вагнер" тобунун Судандагы ишмердиги

Буга чейин "Вагнердин" аты Судандагы окуяларга байланыштуу аталган. 25-апрелде БУУдагы маалымат жыйында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Судан бийлигинин "Вагнер" менчик компаниясынын кызматынан пайдалануу укугу бар экенин билдирген.

Бир жума мурда Украинадагы согушка байланыштуу Батыштын санкцияларына кабылган орусиялык расмий эмес аскердик топ африкалык өлкөдөгү ички кармаштарга тиешеси жоктугун, касташкан күчтөрдүн лидерлери менен көптөн бери байланышпаганын айткан. Компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин эки жылдан бери Суданда бир да жоочусу жок экенине ишендирүүдө.

Былтыр мартта Хартумдагы Батыш дипломаттары "Вагнер" башка иштер менен катар Суданда мыйзамсыз алтын казууга аралашканын билдиришкен. АКШ жана Еврошаркет Пригожин жана анын компаниясы менен байланышы бары айтылган судандык фирмаларга санкция салган.

Би-Би-Синин жазганына караганда, 2017-жылы Башир Москвага барганда орус бийлиги менен бир нече келишимге кол койгон. Арасында Кызыл деңиздин боюндагы Порт-Суданда орусиялык аскердик база түзүү, Судандын Кен байлыктар министрлиги менен Орусиянын "М Инвест" фирмасы ортосунда алтын казуу тууралуу макулдашуулар бар болчу.

Судан Африкада алтын казуу боюнча үчүнчү орунда турган өлкө.

АКШнын Финансы министрлиги "Вагнер" Судандагы ишмердигин "М Инвест" жана анын филиалы Meroe Gold фирмаларына жамынып жүргүзөт деп эсептейт.

Компаниянын жалданма жоочулары буга чейин Малиде жана Борбордук Африка жумуриятында козголоңчуларга каршы урушка салынып келген. Учурда алар Украинанын Бахмут шаарын алуу аракетине тартылган.

Марк Крутов, “Азаттыктын” орус кызматынын журналисти

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG