Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Пригожин "Вагнер" Бахмуттан кетпей турганын билдирди


Севастополдогу өрт. Крым, 29-апрель, 2023-жыл (иллюстрациялык сүрөт)
Севастополдогу өрт. Крым, 29-апрель, 2023-жыл (иллюстрациялык сүрөт)

Аннексияланган Крымга 7-майга караган түнү ондон ашуун дрондордон чабуул коюлганын Севастополдун Орусия дайындаган губернатору билдирди. Байкоочулар акыркы мезгилде жарым аралга сокку уруу учурлары көбөйгөнүн белгилешет.

Ал эми айыгышкан кармаштар жүрүп жаткан Бахмут шаарында согушуп жаткан “вагнерчилердин” башчысы ага кошумча ок-дары, курал-жарак берилерин билдирди.

Севастополдун орусиялык губернатору Михаил Развожаевдин айтымында, түнкү чабуулдан шаардагы бир дагы объект зыян тарткан жок. Бул тууралуу Телеграм-каналына жазган аткаминер бир дрон өзү кулап түшкөнүн, экөө деңиз үстүндө атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Севастополдогу мунай кампасындагы өрт. Крым, 1-май, 2023-жыл
Севастополдогу мунай кампасындагы өрт. Крым, 1-май, 2023-жыл

Орусиянын бул ырастоолоруна украин тарап жооп кайтара элек. Көз карандысыз булактар тарабынан да маалыматты бышыктоо же төгүндөө мүмкүн эмес.

Буга чейин 4-майда аннексияланган жарым аралдын бийлиги пилотсуз учак жок кылынганын маалымдаган. Апрелдин аягында бир дрон Севастополдогу мунай базасын бутага алганда өрт чыккан. Украин армиясынын өкүлү ал окуяны “Киевдин контрчабуулга өтүүсүнүн бир элементи” деп атаган.

Ал арада орус армиясы оккупациялаган Мелитополь шаарынын украиналык администрациясынын жетекчиси Иван Федоров Крымдын түндүгүнөн кире бериште беш сааттык тыгындар пайда болгонун маалымдады. Ал муну оккупациялык күчтөрдүн Запорожье облусунун майдан менен чектешкен жерлеринде эвакуация жарыялаганы менен байланыштырат.

“Свобода” радиосунун жазганына караганда, Украина менен чектеш Белгород облусунда Сподарюшино деген айыл аткылоого туш болду. Региондун губернатору Вячеслав Гладков газ түтүгү менен электрзымдарына зыян келтирилгенин, бир жер там жарым-жартылай урап калганын, жабыркагандар жок экенин айтты.

Согуш башталгандан бери эле облус утур-утур аткыланып келатат.

Украин тарап Николаев облусу ракета соккусуна кабылганын, ракета өнөр жай ишканасынын имаратына тийгенин, жабыркагандар болбогонун билдирди.

Бир нече айдан бери уруштун чордонуна айланган Донецкидеги Бахмут шаарында кармаш уланууда.

Бахмут шаары. 5-май, 2023-жыл
Бахмут шаары. 5-май, 2023-жыл

Шаарды алуу аракетине орусиялык "Вагнер" менчик компаниясы катышып келатат. Жекшембиде анын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Бахмутту алуу аракетин улантуу максатында ага жетиштүү көлөмдө ок-дары жана каруу-жарак убада кылышканын Телеграм-каналында билдирди.

Бир нече күн мурун ал 10-майда жоочулары шаардан чыгып кетерин, согуштук позицияларын Орусиянын Коргоо министрлигине өткөрүп берерин билдирген. Ал өз чечимин ок-дарынын жетишсиздиги жана оор жоготуулар менен түшүндүргөн. Ага чейин Пригожин бир күндө эле каза тапкан «вагнерчилер» деген сөөктөрдүн фонунда тартылган видеодо ок-дарынын тартыштыгы үчүн Коргоо министрлигин жана министр Сергей Шойгуну, Башкы штабдын командачысы Валерий Герасимовду түздөн-түз айыптаган.

6-майдын кечинде Пригожин компаниясы менен Коргоо министрлиги ортосундагы жаңжал тууралуу текстти Телеграм-каналга жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, мекеменин бут тосууларынан улам жоочулар ири жоготууларга учурап, катарларын толуктоого мүмкүнчүлүк ала албай, чабал болуп калды. Пригожин Бахмуттан чыгарылса, «Вагнер» согуштук жөндөмүн калыбына келтирерин айтты.

Анын артынан, ишембиде Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров президент Владимир Путинге кайрылган. Анын Телеграм-каналына чыккан катта коргоо министрине тапшырма берип, «Ахмат» аскер бөлүгүн Бахмутка, «вагнерчилердин» ордуна жиберүүнү өтүнгөнү айтылган.

Кадыровдун кайрылуусуна Кремль азырынча комментарий бере элек.

Расмий Киев орусиялык күчтөр күн сайын жүздөгөн аскеринен ажырап жатканын билдирип келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттагы жоготуулары тууралуу маалымат бере элек.

«Свобода» жазгандай, «Ахмат» атайын даярдыктагы бөлүгү орус тарап Мариуполду толугу менен ээлегенден мурда ал жерге киргизилген. Орусиялык блогерлер жана украиналык аскерлер алардын натыйжалуу болбогонун, оор жоготууларга учураганын айтып келишкен.

Кадыров үй-бүлөсү менен, Пригожин, «Вагнер» менчик компаниясы Батыштын санкциялык тизмесине киргизилген. АКШнын Финансы министрлиги 26-январда «вагнерчилерди» трансулуттук кылмыш уюмунун мүчөлөру деп мүнөздөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG