Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Украина: Николаевге сокку урулду, Зеленский Си Цзинпин менен сүйлөштү


Си Цзинпин жана Владимир Зеленский.
Си Цзинпин жана Владимир Зеленский.

Украинанын бийлиги бейшембиге караган түнү орус армиясы Николаев шаарын ракеталардан аткылаганын билдирди. Бери дегенде бир жайкын тургун каза тапты, бир нечеси жарадар болду. Бейшембиде президент Владимир Зеленский согуш башталгандан бери биринчи жолу Кытай лидери менен телефондон сүйлөштү.

Николаевдеги түнкү чабуулдун кесепеттери тартылган видеону Украинанын чукул кырдаалдар кызматы жарыялады.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, облус борборуна Кара деңиз акваториясынан «Калибр» деген төрт ракета атылды.

«Өтө таамай аткан курал жер тамдарды, тарыхый имаратты жана көп кабаттуу үйлөрдү бутага алган», - деп Телеграм каналына жазган Зеленский муну адамзатка каршы кылмыш деп атады.

Соңку маалыматтарга ылайык, бир киши мерт кетти, жарадар болгон 23 кишинин арасында бир бала бар. Бир кичи район толугу менен электр жарыгысыз калды.

Мэр Александр Сенкевич жыл башынан бери шаар биринчи жолу аткыланганын, анын аймагында бир да аскердик жай же аскерлер жайгашпаганын айтты. Бул тууралуу РБК Украина агенттиги маалымдады.

Орусия Николавге коюлган соккуларды азырынча комментарийлеген жок. Далилдерге карабай Москва жарандык объектилерди бутага алганын танып келет.

Бахмут. 26-апрель, 2023-жыл
Бахмут. 26-апрель, 2023-жыл

Донецк облусунда Бахмут, Авдеевка жана Марьинка багыттарында айыгышкан кармаштар уланып жатканын бейшембиде Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кабарлады. Күндөлүк бюллетенде айтылгандай, соңку 24 саатта 54 чабуулдун мизи кайтарылды.

26-апрелде “Вагнер” жалданма аскер тобунун башчысы, Кремлге жакын бизнесмен Евгений Пригожин украин армиясы эмки айдын башында контрчабуул коюушу мүмкүн деп билдирди.

Киев анын сөздөрүн комментарийлеген жок. “Вагнерчилер” Бахмутту алуу операциясына тартылып келатат.

Ошол эле күнү президент Зеленский Кытайдын лидери Си Цзинпин менен телефондон сүйлөштү. Орусия кошуна өлкөсүнө басып киргенден бери эки жетекчи баарлаша элек болчу.

"Тынчтыктын пайдубалын түзгөн принциптер менен эрежелерди бекемдөө үчүн Кытайдын саясий кубатын пайдалануу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Украина, Кытай жана дүйнө өлкөлөрүнүн басымдуусу мамлекеттердин суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн, коопсуздуктун, анын ичинде ядролук куралды колдонбоо жана жайылтпоо эрежелерин сактоого кызыкдар", - деп айтты Зеленский.

Зеленский Си Цзинпин менен сүйлөшүү маалында. 26-апрель, 2023-жыл
Зеленский Си Цзинпин менен сүйлөшүү маалында. 26-апрель, 2023-жыл

Телефон сүйлөшүүсүнөн кийин Зеленский дароо эле Орусиянын эң күчтүү досу менен ынак мамиле түзүү мүмкүнчүлүгү канчалык маанилүү экенин ишарат кылып, мурдагы министрди Бээжиндеги жаңы элчи кылып дайындады.

Кытайдын CCTV мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, Си Цзинпин Зеленскийге согушту “сүйлөшүүлөр” жолу менен гана токтотуу мүмкүн деп эсептерин айтты.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин департамент башчысы Ю Цзюнь бул сүйлөшүү Бээжин Киев менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани артарын, бардык тармактардагы кызматташтыкка даярдыгын көргөзөрүн билдирди:

"Кытай Украина маселесинде ар дайым тынчтык орнотууну, кризисти дипломатиялык жол менен жөнгө салууну, тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү жактайт".

Расмий маалыматка караганда, Си Цзинпин Зеленскийге Кытай Украинага атайын өкүлдөрүн жиберерин, бейпилдикти көздөгөн бардык тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн айткан.

Ошондой эле Бээжин тынчтык сүйлөшүүлөрүн илгерилетүүгө көңүл бурарын жана ок атышууну мүмкүн болушунча тез арада токтотууга аракет кыларын кошумчалады.

Согуш башталгандан бери Бээжин бейтарап позицияны ээлегенин айтып келатат, Кытайдын лидери кол салууну айыптоодон карманууда.

Орусия Украинага басып кирген күндүн бир жылдыгын утурлай, быйыл февралда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги урушту басуунун "тынчтык планын" сунуш кылган. Бирок Бээжин Украинадагы кандуу кармашты “согуш” деп ачык атаган эмес.

Бээжиндин Украинадагы согушту токтотууга чакырган документин бир катар эксперттер жана Батыш ишенбөөчүлүк менен кабыл алган. Алар Кытайдын Орусияга жан тартканы байкалып турганын билдирип келишти. Быйыл 20-21-мартта Кытайдын лидери Си Цзинпин Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолуккан. Көп узабай, европалык лидерлер, анын ичинде Франциянын мамлекет башчысы Бээжинге барып кетти. Алар негизинен Кытайдын бийлигин Москвага курал-жарак бербөөгө чакырышты.

Ак үйдүн Коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Кирби лидерлердин сүйлөшкөнүн кубаттап, ошол эле маалда бул – Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишимине алып келет деп айтууга эрте экенин кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG