Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Пригожин сындаган Москвадагы "бактылуу чоң ата" ким?


Евгений Пригожин
Евгений Пригожин

Орусиянын Бахмуттагы негизги күчү саналган "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин 9-майда Украинадагы "атайын операцияны" жетектеп жаткандар тууралуу кескин, ошол эле учурда табышмактуу билдирүү жасады. Жалданма жоочулардын башчысы курал жетпей атканын, ал эми "бактылуу чоң ата" баары жакшы" деп ойлорун айтты.

"Бактылуу чоң ата" бары жакшы деп ойлойт"

Орусия Украинада согуш баштап, ага "Вагнер" жалданма тобу тартылгандан бери Евгений Пригожин бир нече жолу талаштуу билдирүү жасады. Анын сөздөрүнөн Пригожин Орусиянын аскер жетекчилерин, элитасын анча тогото бербегенин түшүнсө болот. Бирок анын соңку эки кайрылуусун эч ким күтпөсө керек.

Орусиянын президенти Владимир Путин, анын аскер башчылары 9-майды Кызыл аянтта тосуп атканда Telegram каналдарда Евгений Пригожиндин кезектеги билдирүүсү жарыяланды.

"Снарядды коротуп, душманды жок кылып, жоокерибиздин өмүрүн сактап калуунун ордуна биздин аскерлерди өлүмгө салып атышат. Ал эми “бактылуу чоң ата” баары жакшы деп ойлойт. Анын ою орундалып эле кудай барыбызга ден соолук берсин. Эгер күтүүсүздөн ал чоң ата анык келесоо болуп чыкса, анда өлкөбүз, балдарыбыз, неберелерибиз эмне кылат? Согушту кантип жеңебиз?", - деген Пригожин.

Ал кыйытып айткан “бактылуу чоң ата” ким экенин ар ким ар кандай жоромолдой баштады. Биз кезде "Путиндин ашпозчусу" атыккан Пригожин буга чейин коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду тергебестен, атын атап катуу сындап келет.

Орусиялык саясатчы Андрей Колесников Пригожиндин сынына кабылган "бактылуу чоң ата" Владимир Путин болушу мүмкүн деп эсептейт.

"Бул лакап ат Орусиянын азыркы президенти Владимир Путинге жабышып калганы баарына белгилүү. Муну Кремлдегилер да жакшы билет. Шойгунун мындай каймана аты жок. Андыктан Пригожин ал жөнүндө айтты деп божомолдоо оор. Пригожин Шойгуну ачык эле ар кандай жаман сөздөр менен тилдеп келген да".

Пригожин өзү ачыктабаса эле "бактылуу чоң ата" ким экенин так айтыш кыйын. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Вагнердин" жалданма тобунун башчысы Пригожиндин сөзүнө коментарий берген жок. Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги Песковдун журналисттерге:

"Ооба, биз аны (Пригожиндин билдирүүсүн) жалпыга маалымдоо каражаттарынан көрдүк. Бирок мен ага комментарий бере албайм. Анткени бул "атайын аскердик операциянын" жүрүшүнө тиешелүү", - деп айтканын жазды.

“Вагнер” менчик аскердик компаниясын Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын саналган Евгений Пригожин негиздеген. "Вагнер" орустардын Куралдуу күчтөрүнүн курамына кирбегени менен анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү ачыкталган. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталып, айрым өлкөлөрдө террордук уюм деп таанылган.

Пригожиндин кайра-кайра кайрылганы эмнеден кабар берет?

Пригожин буга чейин Шойгу менен Герасимовго кайрылганда курал-жарак берилбесе, анда 10-майда "вагнерчилер" Бахмуттан чыгып кете турганын кабарлаган. Бирок ал "бактылуу чоң атага" кайрылуу жасаган 9-майда сураган ок-дарынын 10% эле келгенин, ага карабастан шаарда кала берерин айтты. Мындан тышкары Орусиянын Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн бири Бахмуттагы фронттон качып кеткенин да жарыялады.

"Баары позицияларды таштап качып кетишти. Андыктан туурасы 2 чакырым, узуну 500 метр фронт ачык калды. Эптеп жаап калганыбыз жакшы болду".

Пригожин мындай мазмундагы билдирүүлөрдү алгачкы жолу жасап аткан жок. Ал 2023-жылдын февраль айында дагы Коргоо министрлигинен ок-дарыларды талап кылып, аскерлердин өлүктөрүн көрсөткөн. Анда "алардын саны беш эсе аз болушу керек болчу" деген.

5-майдагы дагы бир видеокайрылуусунда согушта өлгөн бир нече "вагнерчинин" сөөгүнүн жанында туруп, Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуну алардын өлүмүнө айыптаган.

Буга удаа Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Пригожинге жооп берип, анын жалган айтып атканын билдирген. Кадыровдун айтымында, "Вагнердин" башчысы эң татаал аймактарды калтырып, чабуулга оңой болгон тилкелерди ээлеп алган. Ал "Путиндин ашпозчусун" жеңишти өзүнө менчиктеп, "спектакль коюп жатат" деген.

Ошол эле учурда украин күчтөрү Бахмутту басып алууга аракет кылып аткан "Вагнерде" ок-дары тартыш дегенге кошулбайт. Анткени Киев Бахмут багытындагы орус күчтөрү суткасына 500дөй артиллериялык сокку уруп атканын айтып жатат. Мындан улам Евгений Пригожиндин айткандарына ишенбегендер арбын.

"Вагнер" 10 айдан ашык убакыттан бери Украинанын Бахмут шаарын басып алууга аракет кылып келет. Москва шаарды 9-майга чейин алууну көздөгөн. Мындан улам Евгений Пригожин фронтто ийгиликке жетпегенин курал-жарактын жетишпегенине оодара салууну көздөдү деген пикирлер да бар.

"Вагнер" абактардан согушка тарткандар

Украинада орус армиясы былтыр жазда оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнер жеке аскердик компаниясы") абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон.

Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары бар.

"Вагнердин" өкүлдөрү абактарды кыдырып, катарына кошулууга азгырганын орус түрмөлөрүндө отурган кыргызстандыктар дагы "Азаттыкка" ырасташкан. Кыргызстандык канча атуул жалданмалардын торуна түшкөнү азырынча белгисиз.

Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан. Алардын төртөөнүн сөөгү Кыргызстанга алып келинип, жерге берилген.

Ал арада Орусиянын жака белинде "Вагнердин" көрүстөнү күн сайын кеңейүүдө. Февралдын соңунда Москванын жака белиндеги "вагнерчилердики" делген мүрзөгө кыргызстандыктар дагы көмүлгөнү белгилүү болгон.

Ушул тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашык кыргыз жараны камакта жатат.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

9-майда Франциянын улуттук жыйынынын депутаттары "Вагнер" менчик аскердик компаниясын Европадагы террордук уюмдардын тизмесине киргизүү жөнүндө резолюцияга добуш беришти. Бул резолюция милдеттүү эмес, символикалык макамга ээ. Анын автору, бийликчил фракциянын өкүлү Бенжамин Хаддад документ Евробиримдикке мүчө 27 мамлекетти аталган уюмду террордук тизмеге кошоруна шыктандарырат деген үмүттө.

Ага чейин Литванын Сейми Европада алгачкылардан болуп "Вагнерди" террордук уюмдардын катарына киргизген.

Ал эми АКШ менчик аскердик компанияны транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, Пригожинге жана аны менен байланышы бар деп санаган алты кишиге жана 12 компанияга санкция салынган.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысынын атайын тапшырмалар боюнча кеңешчиси Дерек Шолле "Вагнер" тобу “Ливия, Борбордук Африка Республикасы же Украина болсун, киши кылбаган нерселерди жасаганы ачыкка чыккан” деп билдирген.

Былтыр июнда Европа Биримдиги орусиялык 18 компанияны жана 65 жаранды санкциялык тизмеге киргизген. Ал тизмеге Евгений Пригожиндун уулу Павел Пригожин да кошулган.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG